КТМУда 19-май майрамы маданий жана спорттук иш-чаралар менен белгиленди


  • 2026-05-19

Кыргыз-Түрк "Манас" университети 19-Май — Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамын илимий, маданий жана спорттук иш-чаралар менен белгиледи. Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилиги тарабынан Ататүрк паркында уюштурулган расмий аземге ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев катышып, Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюшту.

“19-май — улуттук эс тутумдун жана көз карандысыздык аң-сезиминин символу”

Ататүрк паркында өткөн гүлчамбар коюу аземинде сөз сүйлөгөн Мекин Мустафа Кемал  Өкем 19-май түрк элинин көз карандысыздык күрөшүндөгү тарыхый бурулуш учурлардын бири экенин белгиледи. Элчи Өкем улуттук күрөштүн элдин эрки жана коомдук тилектештик аркылуу ийгиликке жеткенин айтып, мекендин бүтүндүгүн жана көз карандысыздык идеясын сактоо жарандардын чечкиндүүлүгү жана күчтүү коомдук аң-сезим менен гана мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле ал 19-май Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилиги алдында башталган көз карандысыздык күрөшүнүн символдук башталышы экенин айтып, улуттук күрөштүн баатырларынын тарыхый мурасын келечек муундарга жеткирүүнүн маанисине токтолду.

Ректор Жейлан: “19-май — жаштарга болгон ишенимдин тарыхый көрүнүшү”

"Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 19-майды жөн гана тарыхый окуя катары эмес, коомдордун жалпы эс тутумун калыптандырган күчтүү аң-сезим мейкиндиги катары баалоо керектигин айтты. Ал тарыхый окуялар коомдордун өздүгүн калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгилеп, 19-май жаш муундарга тарыхый аң-сезимди, жоопкерчилик сезимин жана жалпы келечекке болгон көз карашты калыптандырган маанилүү мурас экенин билдирди.

Профессор Жейлан "Манас" университетинин билим берүү багыты дал ушул тарыхый аң-сезимдин негизинде калыптанып жатканын айтып, университет студенттерди академиялык билим менен катар маданий аң-сезимге, коомдук жоопкерчиликке жана цивилизациялык көз карашка ээ кылып тарбиялоону негизги артыкчылыктардын бири катары көрөрүн белгиледи. Ошондой эле ал 19-май жаштарга болгон ишенимдин эң күчтүү символдорунун бири экенин айтып, бул тарыхый мурасты кийинки муундарга жеткирүү университеттер үчүн чоң жоопкерчилик экенин кошумчалады.

Майрамдык программа алкагында "Манас" университетинин кампусунда уюштурулган иш-чараларда тарыхый аң-сезим, жаштардын коомдук жоопкерчилиги, маданий эстутумду сактоо жана спорттун бириктирүүчү күчү өзгөчө баса белгиленди.

Сергек жашоо жана спорттук оюндар турниринде жеңүүчүлөр сыйланды

19-май иш-чараларынын алкагында университетте салттуу түрдө өткөрүлүп келген XVI Сергек жашоо жана спорттук оюндар турниринин сыйлык тапшыруу аземи да өттү. Окутуучулар жана административдик кызматкерлер активдүү катышкан мелдеште тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси жана волейбол боюнча мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйланды. Факультеттер арасындагы жалпы жыйынтык боюнча Чет тилдер жогорку мектеби биринчи орунду, Туризм факультети экинчи орунду, ал эми Табигый илимдер факультети үчүнчү орунду ээледи.
 
19-май шаңы Түрк дүйнөсү оркестринин концерти менен жыйынтыкталды

Майрамдык программа университет кампусундагы «Оба» чай бакчасында уюштурулган концерттик программа менен уланды. Иш-чарага Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Ккмал Өкем, "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, окутуучулар, административдик кызматкерлер жана көптөгөн студенттер катышты.

Концертте сахнага чыккан Түрк дүйнөсүнүн оркестри аткарган чыгармалары аркылуу түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий эс тутумун жана музыкалык мурасын көрүүчүлөргө тартуулады. Концерттик репертуарлар 19-май символдоштурган көз карандысыздык руху, коомдук биримдик сезими жана жаштык идеалы менен айкалышкан күчтүү маданий атмосфера жаратты.

    Социалдык медиада бөлүшүү