Кыргыз-Түрк "Манас" университети уюштурган маалымат жыйынында университет өзүнүн билим берүү саясаты, илимий изилдөө мүмкүнчүлүктөрү, санариптик трансформация боюнча инвестициялары жана жаңы академиялык программалары тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берди. Жыйынга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү активдүү катышып, университеттин келечектеги максаттары, эл аралык өнүгүү стратегиялары жана студенттерге багытталган долбоорлору ар тараптуу талкууланды. Жолугушуу университет менен медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы институционалдык байланышты чыңдоого да мүмкүнчүлүк түзүп, КТМУнун жогорку билим берүү тармагындагы аймактык стратегиялык ролу дагы бир жолу баса белгиленди.
Түрк дүйнөсүнүн орток академиялык көз карашына басым жасалды
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан "Манас" университети жөн гана билим берүүчү жогорку окуу жай эмес, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы тарыхый, маданий жана академиялык кызматташтыкты келечекке алып барган күчтүү илим жана цивилизация борбору экенин белгиледи. Анын айтымында, университет түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүргөн алдыңкы мекемелердин бирине айланып, аймактык деңгээлдеги академиялык аброю туруктуу өсүп жатат.
“Сапаттуу студент саясаты институционалдык күчүбүздү бекемдейт”
Студенттерди кабыл алуу системасы тууралуу сөз кылган ректор Жейлан жетишкендикке жана жөндөмгө негизделген тандоо модели университеттин академиялык сапатын түздөн-түз күчтөндүрөрүн айтты. Ал ЖРТ сынагында белгилүү деңгээлдеги жыйынтык көрсөткөн талапкерлер гана университеттин кирүү сынагына катыша аларын эске салып, бул система аркылуу так максаттуу, билимдүү жана жогорку мотивацияга ээ студенттер университетке өтүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал Түркияда миллиондогон студенттер катышкан жогорку билим берүү системасында КТМУ тандалган университеттердин катарында экенин айтып, окуу жай сапаттуу адистерди даярдоо миссиясын туруктуу улантып жатканын кошумчалады.
“Санариптик доордун талаптарына ылайык өнүгүп жатабыз”
Университеттин академиялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берген Жейлан КТМУ 12 факультет жана 98 программа менен кеңири жана дисциплиналар аралык билим берүү инфраструктурасына ээ экенин билдирди. Акыркы жылдары ачылган Туризм факультети, Спорт илимдери факультети жана Медицина факультети академиялык ар түрдүүлүктү дагы да жогорулатканын белгиледи. Мындан тышкары, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук тармагындагы жаңы программалар ушул жылдан тартып студенттерди кабыл ала баштай турганын айтып, бул багыттар университеттин санариптик трансформация стратегиясынын маанилүү бөлүгү экенин баса көрсөттү.
Ректор Алпаслан Жейлан ошондой эле Кыргыз тили жана адабияты программасынын ачылышы кыргыз тилине жана маданий мураска берилген стратегиялык маанинин ачык көрсөткүчү экенин белгилеп, университет улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында активдүү жоопкерчилик алып жатканын билдирди.
“Эл аралык илимий көрүнүктүүлүгүбүз өсүүдө”
Илимий изилдөө потенциалынын өсүшүнө токтолгон профессор Жейлан акыркы жылдары университеттин эл аралык илимий басылмалардагы көрсөткүчтөрү кыйла жогорулаганын айтты. Өзгөчө Web of Science жана Scopus базаларындагы макалалардын санынын өсүшү университеттин дүйнөлүк академиялык чөйрөдөгү таасирин күчөткөнүн белгиледи.
Ошондой эле эл аралык академиялык кызматташтыктын университеттин өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, учурда 226 университет менен активдүү кызматташтык жүргүзүлүп жатканын жана Erasmus программалары алкагындагы академиялык мобилдүүлүк үзгүлтүксүз уланып жатканын маалымдады.
“Санариптештирүү жана инфраструктуралык инвестициялар уланууда”
Жолугушууда санариптик трансформация долбоорлору тууралуу да маалымат берилди. Өз каражаттарынын эсебинен иштелип чыккан eMANAS тиркемеси аркылуу болжол менен 150 миң доллар үнөмдөлгөнү айтылды. Санариптик окутуу системалары жана онлайн билим берүү платформалары академиялык процесстерди жеткиликтүү жана туруктуу кылганы белгиленди.
Акыркы беш жыл ичинде 23 жаңы лаборатория жана практикалык борбор пайдаланууга берилип, университеттеги лабораториялардын жана практикалык окутуу аянттарынын жалпы саны 110го жеткени маалымдалды. Бул инвестициялар колдонмо билим берүүнү жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейткени белгиленди.
“Жашыл кампус” концепциясынын алкагында 1000 орундуу кыздар жатаканасы, Спорт илимдери факультетинин жаңы имараты, Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасы-2 жана Технопарк долбоорлору ишке ашырылып жатканы айтылды.
“Кыргызчаны өнүктүрүүдө амбициялуу максаттарыбыз бар”
Кыргызчаны өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу да сөз болгон жыйында университет окутуучулары тарабынан даярдалган кыргыз тилиндеги окуу китептери улуттук жоопкерчилик сезими менен жазылып жатканы белгиленди. Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир кыргыздары үчүн уюштурулган онлайн тил курстары кыргыз тилинин эл аралык деңгээлде сакталышына салым кошуп жатканы айтылды.
Пандемия мезгилинде билим берүү процессинин үзгүлтүккө учурабашы үчүн ыкчам чаралар көрүлүп, миң сааттык видео сабак даярдалганы жана студенттерге ай сайын 60 ГБ акысыз интернет берилгени да маалымдалды. Мындан тышкары, университеттин социалдык жана спорттук инфраструктурасына токтолгон ректор Жейлан Бишкектеги жалгыз көк бөрү аянтчасы KTМУнун курамында экенин айтып, салттуу спорт түрлөрүн сактоого өзгөчө маани берилерин белгиледи.
“30 жылдан бери акысыз жана сапаттуу билим берип келебиз”
Жыйындын жүрүшүндө биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев университет менен медиа ортосундагы бекем байланыш коомдук аң-сезимди калыптандырууда стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, медиа жөн гана маалымат таратуучу эмес, университеттин өнүгүү процессиндеги маанилүү өнөктөш болуп саналат.
Биринчи проректор Ибраев KТМУ акыркы 30 жылдан бери Кыргызстанда акысыз жана сапаттуу билим берип келе жатканын айтып, коомчулуктун айрым бөлүгүндө университет сунуштаган мүмкүнчүлүктөр тууралуу жетиштүү маалымат жок экенин белгиледи. Өзгөчө акысыз билим берүү модели тууралуу коомчулукка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
Суроо-жооп бөлүмүндө КТМУ кампусунун стратегиялык жана институционалдык мааниси да кеңири талкууланды. Кампус жөн гана окуу процесси жүргүзүлүүчү уюм эмес, илим, маданият, искусство, спорт жана социалдык жашоо айкалышкан динамикалуу мейкиндик экени баса белгиленди.
“Жашоочу университет” концепциясынын негизинде түзүлгөн кампус модели студенттер менен коомдун ортосунда активдүү байланыш түзүп, университет Түркия жана Кыргызстандын жогорку мамлекеттик колдоосу менен эл аралык деңгээлдеги абройлуу жогорку билим берүү бренди болуу жолунда ишенимдүү өнүгүп жатканы айтылды.
ЖМК өкүлдөрү жашыл кампус жана изилдөө инфраструктурасы менен таанышты
Программанын алкагында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү университеттин жогорку технологиялуу лабораторияларын, Ветеринария факультетинин жаныбарлар ооруканасын жана операциялык бөлүмүн, Maнас ТВ студияларын жана жашыл кампус аймактарын жеринен көрүп чыгышты.
Техникалык таанышуу учурунда практикалык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, заманбап изилдөө инфраструктуралары жана санариптик медиа өндүрүш процесстери кеңири тааныштырылып, экологиялык жактан туруктуу кампус концепциясы практикалык деңгээлде көрсөтүлдү.