1. Кыргызстандагы мейманканалардын көмүртек изин аныктоо жана көмүртек изи тууралуу маалымдуулукту изилдөө
2025
Долбоордун бюджети, башталышы жана аяктоо датасы:
410 АКШ доллары, 25.06.2024 – 10.07.2025
Долбоордун максаты:
Бул изилдөөнүн алкагында, Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы мейманкана ишканаларындагы көмүртек газдарынын бөлүнүп чыгышына көңүл буруу жана туризм секторунда мейманканалардын көмүртек ізинин таасирин азайтуу багытында эмне кылууга болору жөнүндө коомчулукта билгичтикти арттыруу көздөлгөн.
Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Туризм жана Мейманкана Ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан эки өзүнчө ыкма менен жүргүзүлгөн бул изилдөөдө, Hotel Carbon Measurement Initiative (HCMI)тарабынан иштелип чыккан көмүртек ізин эсептөө куралы колдонулуп, Бишкек шаарындагы ар кандай көлөмдөгү төрт мейманкананын көмүртек ізи эсептелди. Алынган маалыматтар жаратылыш илимдери тармагындагы эки эксперт тарабынан талданып, бааланды.
Экинчи ыкмада болсо, атайын түзүлгөн маек формасы колдонулуп, Бишкек шаарындагы 22 мейманкана ишканасынын жетекчилери менен маектер өткөрүлдү. Анда жетекчилердин көмүртек ізине болгон аң-сезими, көмүртек ізин азайтуу жаатындагы мамилелери жана бул багытта мейманканаларда колдонулган ыкмалар бааланды.
Изилдөөнүн жыйынтыгында алынган маалыматтардын негизинде, Кыргызстандагы мейманканаларда көмүртек ізин азайтууга багытталган туруктуу өнүгүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Бул долбоор, Кыргызстандагы мейманкана секторунда көмүртек ізин эсептөө боюнча жүргүзүлгөн биринчи илимий изилдөө болуу өзгөчөлүгүнө ээ.
https://haber.manas.edu.kg/uploads/KG%20PROJE_SONUC%CC%A7%20RAPORU%20(14.07.2025).pdf
Доцент, доктор Мустафа Мурат КЫЗАНЛЫКЛЫ
Профессор, доктор Ясин БОЙЛУ (КТМУ) – Кеңешчи – %10
Доцент, доктор Гөзде ДУМАН ТАЧ (Эге Университети) – Кеңешчи – %10
Доцент, доктор Нарыңгүл МАРГАЗИЕВА (КТМУ) – %20
Окутуучу, Кымбат АСАНОВА (КТМУ) – %20
Изилдөөчү, доктор Ибрахим ГҮНДОГДУ (КТМУ) – %20
Изилдөөчү, доктор Сыдыка Тугче КАЛКАН (Эге Университети) – %20
2. ДОЛБООРДУН АТЫ: Кыргызстандагы мейманканалардын эко энбелги сертификациясы модели
Долбоордун бюджети: 993 $
Баштоо жана аяктоо датасы: 2021-жылдын 15-июнунан - 2022-жылдын 15-мартына чейин
МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Туруктуулуктун бир аспабы болгон эко-энбелгиси туризм сектору үчүн туризмдин өнүмү менен кызматтарынын айлана-чөйрөгө тийгизген зыянын минимумга түшүрүп сунуштоосун, о.э. эларалык жашыл саясатка жараша иш алып баруусун колдойт. Эко-энбелги маркетинг аспабы катары колдонулган учурда кандайдыр бир аймактын туристтер тарабынан таанылуусун камсыз кылуу менен бирге, айлана- чөйрөгө болгон аяр мамиленин күчтөндүрүлүшүнөн улам талап артканы, аймактын аброю жогорулаганы жана башка атаандаштарга караганда атаандаштык күчү бекемдегени байкалат (Bozkurt ve Dücan,2018).
Айлана-чөйрө досу катары таанылган жашыл мейманканалар айлана-чөйрөнү коргоо жана өнүм наркын азайтуу үчүн суу менен энергиянын үнөмдөлүшүнө, экология досу саясаты алкагында сатып алуу иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө, таштандылар менен калдыктардын азайышына багытталган экологиялык иш- чараларды ишке ашырат (GHA,2008).
Долбоордун негизги максаты туруктуу туризм алкагында жаратылышты коргоо, туризм секторунда экология боюнча маалымдуулукту өстүрүү, туризм ишканалары тарабынан эко саясаты алкагында жүргүзгөн иш-чараларга колдоо көрсөтүп мотивациялоо болуп эсептелинет. Бул максатта эко-энбелгисин талап кылган жана анын шарттарына минимум даражада жооп берген туризм ишканаларына эко- энбелги документтеринин тапшырылуусу пландаштырылууда.
ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ: Доц.М.А.Др Мустафа Мурат КЫЗАНЛЫКЫ
Доц.м.а.Др. Нарынгүл Маргазиева |
Ага окутуучу Кымбат Асанова |
Кенже илимий кызматкер Ибрахим Гүндогду |
3. ДОЛБООРДУН АТАЛЫШЫ: КЫРГЫЗСТАНДА ИШТЕГЕН ЖАЙГАШТЫРУУ ИШКАНАЛАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ИЗИЛДӨӨ ЖАНА КЛАССИФИКАЦИЯ (ЖИКТЕМЕ) СТАНДАРТТАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ
Долбоордун максаты
Кыргызстан жайгашкан жери, бай тарыхы табигый жана маданий баалуулуктары менен олуттуу туристтик мүмкүнчүлүктөргѳ ээ. Бирок, өткөн жылдардын туризм багытындагы статистикалык маалыматтарды карап чыкканда, бул баалулуктар жетиштүү деӊгээлде колдонулбагандыгы байкалууда. Мунун себеби, туристтик ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүндѳ кандайдыр бир стандарттын жоктугу. Ѳлкѳдѳгү жиктеме системасы эл аралык деңгээлде таймаша тургандай стандарттарда болбогондугунан жана ишканалар ыктыярына жараша ѳткѳндүгүнѳн улам ар бир ишкана өзүн жеке ыкмалар менен таанытып келүүдө. Мындай көрүнүш, Кыргызстанга келген туристтердин санына да сапатына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Жогоруда аталган максатка жараша даярдалган долбоор; жайгаштыруу ишканаларынын мүнөздөмөлѳрүн аныктого, алардын стандарттарга ылайык биримдигин камсыз кылууга, кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жергиликтүү туристтик объектилерди өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Долбоордун натыйжасында эл аралык аренада ишканалардын атаандаштык артыкчылыгынын пайда болушу күтүлѳт.
Долбоордун негиздөөсү
Долбоордун негиздөөсү катары жайгаштыруу ишканаларынын учурдагы абалын изилдөө жана ага баа берүү болуп эсептелинет. Жайгаштыруу ишканаларынын жиктемеси дүйнѳдѳ эл аралык стандарт катары кабыл алынган стандарттарга жараша жүргүзүлөт жана ишканалар ортосунда өз ара кызматташуу камсыз кылынат. Бул долбоордун негизинде төмөнкү жетишкендиктер күтүлүдө:
ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ: И.О. ДОЦ.ЭРКАН АКГОЗ
Доц.Др. Барыш Эрдем |
Доц.м.а.Др. Толга Гөк |
Доц.м.а.Др.Жемал Инже |
Ага окутуучу. Др. Уланбек Алимов |
Ага окутуучу Надира Турганбаева |
Ага окутуучу Кымбат Асанова |