2019-02-06


Бишкекте иштеп жаткан “Супара этно ресторанынын” кызматкерлерине практикалык окуу өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Туризм жана мейманкана иштетүү факультетинин окутуучулары Бишкекте иштеп жаткан “Супара этно ресторанынын” кызматкерлерине практикалык сабак өтүштү.

Сөз болуп жаткан тренинг 2016-жылдын 24-мартында Супара этно ресторанында бизнес дүйнөсү менен биргеликте ишке ашырылган долбоорлордун алкагында өттү. Бул контекстте катышуучуларга Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин директору доц. Барыш Эрдем, окутуучу Надира Турганбаева жана окутуучу э.и.к. Гүлмира Саматова тарабынан туризмдеги адамдык мамилелер, тейлөө ыкмалары жана кулинардык стандарттар боюнча практикалык окуу семинары өттү.

Бул тарбиялык иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору проф. Себахаттин Балжы; Коомго кызмат кылуу жана бизнес дүйнөсү менен кызматташууну өнүктүрүү КТМУнун маанилүү миссияларынын бири экенин айтты. Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин миссиянын алкагында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганын белгилеген ректор проф. Балжы Супара Кыргызстандын салттуу маданиятын чагылдырган ишкерликтин маанилүү үлгүлөрүнүн бири экенин айтты.

Супара этно ресторанынын башкы директору Назгүл Турганбаева университеттердин бизнес дүйнөсү менен болгон карым-катнаштары эки тарапка тең пайда алып келерин айтты. Турганбаева сөзүнүн уландысында КТМУнун Кыргызстанга кошкон салымдарына токтолуп, бул тренингди өткөргөн Туризм жана мейманкана иштетүү факультетине ыраазычылык билдирди.