2024-04-30


«Заманбап ашканада дан жана буурчак азыктарын колдонуу практикасы» семинар: 16/04/2024


2024-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарындагы № 10 кесиптик лицейдин окуучулары жана окутуучулары үчүн, 15 – 20-апрель – Туризм аптасына жана Университетибиздин пландаган Социалдык иш-чараларына арналган аракеттердин алкагында Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмү тарабынан «Заманбап ашканада дан жана буурчак азыктарын колдонуу практикасы» аталышындагы тамак даярдоо көрсөтмөсү өткөрүлдү. Факультеттин деканы проф. др. Ясин Бойлунун жана бөлүмдүн башчысы т.и.к., проф. Нурудин Кыдыралиевдин ачылыш сөздөрүнөн кийин төө буурчактан, нокоттон жана булгурдан тамактардын даярдалышы бөлүмүбүздүн студенттери жана окутуучулары тарабынан көрсөтүлүп, конокторго сунулду. Белокту көп камтыган жергиликтүү өсүмдүктөрдөн алынган азыктардын пайдалуу жактары жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чаранын аягында кесиптик лицейдин окуучулары жана окутуучулары үчүн экскурсия өткөзүлдү. Андан кийин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн жана № 10 кесиптик лицейдин окутуучуларынын арасында тамактануу тармагындагы көйгөйлөр боюнча маектешүү болуп өттү.