2025-11-28
2025-жылдын 20 ноябрь Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн мугалимдер жамааты Кыргызстандагы KFC ишканаларынын биринин чакыруусу менен жолугушууга барып, ишкананын ички иштоо процесстери менен терең таанышып келишти. Бул визит билим берүү жана практикалык иш-аракеттердин ортосундагы көпүрөнү бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Дүйнөлүк деңгээлдеги тез тамактануу тармагы болгон KFC компаниясынын жетекчилиги мугалимдерге ресторандын ички логистикасы, сапатты көзөмөлдөө системалары жана жогорку гигиеналык стандарттары жөнүндө кеңири маалымат берди.
Мугалимдер KFCнин азыктарды даярдоо, сактоо жана тейлөөдөгү эл аралык стандарттар менен иштөө принциптерин көрүштү. Эл аралык тармактардагы натыйжалуу башкаруу, персоналды окутуу жана кардарларды тез тейлөөгө багытталган процесстерге басым жасалды. Бөлүм менен KFC ортосунда узак мөөнөттүү кызматташууну орнотуу болду. KFC компаниясы бул тармактагы алдыңкы билим берүү мекемеси катары бөлүмдү таанып, бүтүрүүчүлөрдү жумушка алууга кызыкдар экендигин билдирди.
Алдыда студенттер үчүн өндүрүштүк практикаларды уюштуруу, мыкты бүтүрүүчүлөрдү KFCнин эл аралык стандарттарына ылайык кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгү менен туруктуу жумушка орноштуруу пландары талкууланды.
