Туризм факультетинин Саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн негизги максаты – Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана географиясын мыкты деңгээлде окуп өздөштүргөн; натыйжалуу баарлашуу жөндөмүнө ээ; аналитикалык ой жүгүртүүчү; көйгөйлөрдү чечүү, башкаруучулук жана уюштуруучулук боюнча сапаттуу билим жана көндүмдөргө ээ; сабырдуулук, боорукердик, урматтоо, чынчылдык, лидерлик жана өкүлчүлүк жөндөмдөрү сыяктуу негизги коомдук баалуулуктарды алып жүргөн квалификациялуу туристтик гиддерди жана менеджерлерди даярдоо.
Туристтик гиддердин жоопкерчиликтүү, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген, жаратылыш менен тыгыз байланышта болууну максат кылган, жаратылышка багытталган иш-чараларга катышып, жергиликтүү элди экономикалык жана социалдык жактан колдоого алган туризм ишмердүүлүгүн ишке ашырууда көптөгөн ролдору бар. Туруктуу туризм үчүн жаратылышка багытталган туризм ишмердүүлүгүндө туристтик гиддердин ролу чоң жана бул максатта Практикалык сабактарды өткөзүү жайында кафедранын тиешелүү окуу-практикалык иштери өткөрүлөт. Бул ошондой эле бөлүмдүн талаа адистештирилген курстарында жана окуу-практикалык сапарларында колдонулган жабдууларды сактоо жана колдонуу үчүн жай болуп саналат.
Саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн Практикалык сабактарды өткөзүү жайында чатырлар, уктоочу каптар, кариматтар, атайын идиш-аяктар, альпинизмде колдонулуучу бир канча атайын жабдыктардын түрлөрү, географиялык карталар жана башка ушул сыяктуулар орун алышкан. Бул жабдыктар Кыргызстан боюнча окуу турларында жана бөлүмүбүздүн «Туризмде гид кызматы», «Туристтердин жана саякаттын коопсуздугу», «Туризмдин өзгөчө түрлөрү», «Тоо шартындагы туризм» сыяктуу сабактардын алкагында колдонулушат.