Кыскача

МИССИЯ

Биринчиден түрк тектүү элдердин жана аларга тектеш ар түрдүү аймактарда жашаган калктардын унутулган жана унутулуп бара жаткан салттуу оюндар менен спорт түрлөрүн жазуу/оозеки булактар жана археологиялык табылгалардын натыйжаларынан колдонуу менен, буга ынтызаар изилдөөчүлөргө жогорку билим берүү, изилдөө ишин жөнгө салуу, аны ишке ашыруу, илгерилетүү жана жарыялоо иш-чараларына байланыштуу жол-жоболорду жана ага багытталган академиялык максаттуу иштерди уюштуруу. Айрыкча буга тиешелүү илимий жана ага жакын академиялык мекемелер арасындагы изилдөөчүлөр менен окумуштуулардын пикир алмашууларын бекемдөө, биргелешкен илимий долбоорлорду жана макулдашууларды ишке ашыруу, илимий жолугушууларды уюштуруу жана биргелешкен басылмалар менен кызматташуу жана аларды эл аралык деңгээлде жарыялоо.

МАКСАТТАР

Салттуу оюндар жана спорт багыты боюнча жогорку билимге ээ болгон адистерди даярдоо менен бирге, аталган тармак боюнча квалификациялуу басылмаларды иреттөө, аларды Кыргызстан жана Түркия коомуна жеткирүү менен баалуу маалыматтардын архивдик базасын түзүү, тиешелүү багыттын актуалдуу темаларын жана анын аныкталган деңгээлин дүйнө коомуна жарыялоо. Өзгөчө түрк дүйнөсү, түрк тектүү республикалар жана башка тектеш элдердин тили, тарыхы, адабияты, маданияты жана археологиясынын көйгөйлөрү боюнча шугулданган квалификациялуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн изилдөөчүлөр менен окумуштууларды кызматташууга тартуу; мындан сырткары илимий маалыматтары, архивдик базасы менен физикалык каражаттары менен бай болгон өз тармагында бирдиктүү академиялык  күчкө ээ болуу.

Бул күчтүү институционалдык түзүлүш менен түрк дүйнөсүн, дүйнө менен болгон байланыштарын бекемдөө, түрк тектүү республикаларынын жана тектеш коомчулуктардын салттуу оюндарына жана спортуна басым жасоо менен, аты аталган багыттагы илимий изилдөөлөр менен тыгыз байланыштарды жүргүзүү болуп саналат.