2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мындан аркы ишмердүүлүгү жөнүндө келишимдин 7-беренесине ылайык университеттин окуу, башкаруу жана финансылык ишмердүүлүгү, ошондой эле Камкорчулар кеңешинин каржылык чыгымдары жана башка иш-чаралары текшерүү комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Текшерүү комиссиясы кыргыз жана түрк тараптан 4 адамдан түзүлүп, жалпы 8 адамдан турат. Текшерүү комиссиясынын кыргыз тараптан мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен дайындалат. Текшерүү комиссиясынын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ар бир тараптан кезек менен 2 жылдык мөөнөткө дайындалат. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 (беш) жылды түзөт.
Төрага,
Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин аткаруу кеңешинин мүчөсү
Каржы министринин орун басары
Мүчө,
Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин мүчөсү
Мүчө,
КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти
Мүчө,
Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары/ аткаруу кеңешинин мүчөсү
Мүчө,
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
Мүчө,
Түркия Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы
Мүчө,
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инвестициялар башкармалыгынын башкы адиси