Университеттин миссиясына жана концепциясына ылайык белгиленген принциптер төмөндөгү багыттарды камтыйт:

• Сапат принциптери;
• Билим берүү жана илим изилдөө;
• Адам ресурстары;
• Коомчулукка кызмат көрсөтүү;
• Экология;
• Таанытуу иш-чаралары.


Университеттин сапат принциби
Университет төмөндөгү сапаттык принциптерди аныктайт:

• Жетекчилик, орток акыл алкагында демилгелүү жана пикир алмашуу аркылуу башкаруу
түшүнүгүнүн негизинде иш жүргүзүп, мотивацияны арттыруу жана натыйжалуулукту жогорулатуу
максатталат;
• Маалыматтык технологиялардын негизинде кызматкерлерге жана студенттерге ыкчам кызмат көрсөтүү;
• Максаттарды жүзөгө ашырууда ресурстарды жана убакытты эффективдүү жана үнөмдүү колдонуп;
• Мекемеде сунушталган кызматтардан пайдалангандардын канааттануусуна баа берип,
даттануу арыздарын азайтуу жана канааттанууну жогорулатуу;
• Сапатты башкаруу системасынын шарттарына карата кызмат көрсөтүүнү жана иш-чараларды
мезгилдүү түрдө жакшыртуу, сапатты жакшыртууда алдыңкы позицияга ээ болуу жана бул
лидерлик позицияны улантуу;


Университеттин билим берүү жана илимий изилдөө принциптери
Университеттин билим берүү жана илим изилдөө жаатында жүргүзгөн иш-чаралары төмөндөгү
принциптерди ичине камтыйт:

• Илимий иш-чараларга колдоо көрсөтүү жана профессордук-окутуучулук курамдын заманбап
жаңылыктар менен таанышуусуна ылайыктуу чөйрө түзүү;
• Өмүр бою изденүү (үйрөнүү) көндүмүн калыптандыруу жана жайылтуу;
• Замандын, коомдун, бизнес чөйрөсүнүн жана өнүгүүнүн талаптары менен катар дүйнөлүк илимий
түшүнүккө ылайык динамикалык түрдө окуу программаларын жаңылоо;
• Университеттин билим берүү иш-чараларын практикалык иш-чаралар менен бирге жүргүзүү;
• Өз адистигинде эң мыкты, эркин ойлонгон, орток маданий баалуулуктарды сыйлаган, коомчулук
алдында жооптуу, заманбап жаштарды тарбиялоо;
• Маалыматтык технологияларды билим берүүдө таасирдүү колдонуу методун жайылтуу;
• Технологияга негизделген билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
• Студенттин жеке өзгөчөлүгүнө жараша билим берүү чөйрөсүн түзүү;
• Билим берүүдө ийкемдүүлүк түшүнүгүн өздөштүрүү;
• Мезгилдүү түрдө билим берүүнүн сапатын өлчөө.

Адам ресурстары боюнча принциптер
Университеттин адам ресурстары боюнча жүргүзгөн иш-чаралары төмөндөгү принциптерди ичине камтыйт:

•Демилгелүү башкаруу түшүнүгүн калыптандыруу;
•Бардык кызматкерлердин кесиптик жактан жана жеке өнүгүүсү үчүн программаларды уюштуруу
жана бул багытта колдоо көрсөтүү;
•Иш орундарын адамдын ден-соолугуна жана эргономикалык шарттарга ылайык түзүү;
•Университеттин бардык кызматкерлерин негизги максаттарга ылайык багыттоо жана
мотивациясын жогорулутуу;
•Университеттин миссиясына жана концепциясына ылайык келген инсандарды тандоо жана
кесибине ылайык кызмат орундарын берүү;
•Мотивацияны жогорулатуучу коомдук жана маданий иш-чараларды уюштуруу;
•Мекемеде жакын көрүү, ээ болуу жана тийиштүү болуу аң сезимин орнотууга колдоо көрсөтүү;
•Кызматкерлердин иш кызыкчылыгын арттырууга, университеттин көздөгөн максаттарын
ишке ашырууга салым кошуу аракетинде жаратмандыкка багытталган иш чөйрөсүн жаратуу
жана административдик кызматкерлердин ич ара жылуу мамиледе болушуна көмөкчү болуу;
•Ар бир кызматкердин атуулдук сапаттарына шек келтирбей, алардын укуктарын коргоо жана
көзөмөлдөө;
•Кызматкерлердин билимин, жөндөмдүүлүгүн жана тажрыйбасын арттыруучу чөйрө жаратып,
билимин тереңдетип, өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
•Кызматкерлердин эффективдүү жана натыйжалуу иш алып баруусун камсыздоо;
•Кызматкерлердин ишиндеги жетишкендиктерин татыктуу баалап, аларды кызматтык
орундарынан жогорулатып жана сыйлыктар менен сыйлоо;
•Кызматкерлерди тийиштүү жоопкерчиликке, иш дисциплинасына көндүрүү, туура позицияга
багыттоо жана жүрүм-турумдарын байкоо, жакшыртуу жана көзөмөлдөө;

Коомчулукка кызмат кылуу боюнча принциптер
Университеттин коомчулукка кызмат кылуу боюнча жүргүзгөн иш-чаралары төмөндөгү принциптерди ичине
камтыйт:

• Коомчулукка кызмат кылуу абдан маанилүү иш-чара экендигин ар дайым эске тутуу;
• Алгач жакынкы чөйрөсүнөн баштап, коомдун ар кыл катмарынын талаптарына жооп бере турган
жана жашоо шарттарынын сапатын жакшыртуу жаатында иш-чараларды жергиликтүү башкаруу
органдары, мыйзамдуу өкмөттүк эмес уюмдар жана кесиптик билим берүү мекемелери менен
кызматташтык алкагында жүргүзүп, билим берүү программаларын сунуштоо, орток билим берүү
иш-чараларын жүргүзүү, көйгөйлүү маселелерди изилдеп, бул көйгөйлөрдөн чыгуу жолдорун
сунуштоо;
• Күнүмдүк маселелерди камтыган жана калктын катышуусуна ылайык даярдалган семинар,
симпозиум жана конференцияларды өткөрүп, коомчулукка кеңири маалымат жеткирүүгө салым
кошуу;
• Коом тарабынан өткөрүлө турган коомдук-маданий иш-чараларга университет катары катышуу
жана көмөк көрсөтүү;
• Ишсиз жана кесиби жокторго кыска мөөнөттүк кесиптик курстарды уюштуруп,
жумушсуздукту кыскартууга салым кошуу;
• Коомдук өнүгүүгө багытталган долбоорлорго конкурс уюштуруп, университетти таанытуу иш-
чараларына салым кошуу.
Экологиялык принциптер
• Экология жана маданият аң-сезимин өнүктүрүү, экологиялык иш-чараларга өз ыктыярдуу түрдө
тартылган адамдарды топтоо;
• Айлана-чөйрөнү коргоо жана аны өнүктүрүүгө салым кошуу;
• Айлана-чөйрө жаатында илимий иш-чараларды жүргүзүү жана колдоо көрсөтүү;
• Коомдук айлана-чөйрө аң-сезимине салым кошуу;
• Кыргызстандагы, Түркиядагы жана дүйнөдөгү экологиялык уюмдар менен байланыш түзүп,
университетке жана Кыргызстанга пайда алып келүү.

Университетти таанытуу принциптери

• Таанытуу жана университет боюнча маалыматтарды жайылтуу иш-чараларын өткөрүү;
• Улуттук жана эл аралык деңгээлдеги илимий жана коомдук иш-чараларга колдоо көрсөтүү;
• Басма сөз жана видео түрүндө ЖМК менен байланыштарды чыңдоо;
• Университетти таанытуу иш-чараларында интернеттин кенен колдонулуусун камсыз кылуу;
• Коомдук иш-чараларда коомдук баалуулуктарга басым жасоо;
• Мамлекеттик мекеме жана уюмдар менен маалымат алмашуу иш-чараларын жүргүзүү;
• Максаттуу аудиторияны эффективдүү жана натыйжалуу маалымат менен камсыздоо;
• Бардык катмарларга бир жыл бою жапырт таанытуу иш-чараларын жүргүзүү;
• Коом менен байланышка басым жасалган таанытуу иш-чараларын жүргүзүү.

Университеттин негизги максаттары

• Билим берүү жаатында эл аралык марка катары таанымал болуу;
• Сапаттуу кадрларды даярдоо;
• Болонья процессине шайкештик;
• Ички жана тышкы өнөктөштөр менен натыйжалуу жана өнүмдүү кызматташтык түзүү;
• Коомчулукка кызмат кылуу;
• Билим берүүдө ийкемдүүлүк принциби;
• Технологияны негиз кылган билим берүү;
• Үзгүлтүксүз билим берүү;
• Өмүр бою билим алуу (изденүү, үйрөнүү);
• Өзгөрүүлөргө мобилдүүлүк жана тынымсыз өнүгүү;
• Практикалык илим, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштер (AR-GE);
• Улуттук жана эл аралык жогорку окуу жайларга мүчө болуу, аккредитация боюнча иштерди
жүргүзүү;
• Вертикалдуу өнүгүү;
• Материалдык-техникалык базаны бекемдөө;
• Турмуш-тиричилик аймактарын өнүктүрүү;
• Интернационалдаштыруу.