Университет, “жалпы сапат” түшүнүгүн бийик тутуп, адамдын жеке өзгөчөлүгүнө багытталуу, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана социалдык жоопкерчиликти сезүү менен кызмат кылууга негизделген. Эл аралык аренада таанылып, кадыр-барктуу окуу жайга айланган, ички жана сырткы өнөктөштөрү менен дайыма мониторингден өтүп, бааланып, жакшыртылып турган бейпилдик өкүм сүргөн шарттарда:

• Илимий-социалдык тармактарда өндүрүмдүү,

• Атаандашчыл;

• Ачык-айкын;

• Отчеттуулук;

• Улуттук жана дүйнөлүк баалуулуктарга ээ болгон жаштарды тарбиялап өстүргөн окуу жай болуу.
 

TS EN ISO9001:2015 САПАТТЫ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу-тарбиялык, илимий изилдөө жана коомчулук менен тыгыз байланышта жүргүзгөн бардык иш-чаралары “сапатка багытталган” башкаруу системасына негизделген.

Бардык кызматкерлер үчүн тийиштүү бул системанын негизги принциптери төмөндөгүлөр:

• Студенттер менен катар эле өнөктөштөрдүн канааттануусу;

• Процесске негизделген иш-аракеттерди башкаруу;

• Системалуу түрдө байкоого алынган “ар дайым жакшыртуу” түшүнүгү;

• Булактарды натыйжалуу колдонуу.