Университет 1997-1998-окуу жылында алгачкы студенттерин Бишкек шаарынын Манас проспектиндеги №16 дарегинде ижарага алынган чакан имаратта кабыл алып, иштей баштаган. Студенттик иштер 1998-жылга чейин университеттин проректору Салижан Жигитовдун жетекчилигинде жүргүзүлгөн. 

1998-жылы студенттик иштер мүдүрлүгү түзүлүп, 1998-жылы 13-декабрда Тынчтык проспекти, №56 дарегинде жайгашкан имаратта ишмердүүлүгүн уланткан.

2000-2001-окуу жылына чейин мүдүрлүк катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келип, аталган бөлүм бул окуу жылынан тарта Студенттик иштер башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн.

2004-жылга чейин университеттин борбордук имараты катары колдонулуп келген бул жайда иш алып барган Студенттик иштер башкармалыгы 2004-жылы университеттин Ч.Айтматов атындагы кампусунун Экономика жана башкаруу факультетинин 1-кабатына көчүрүлгөн.

Студенттик иштер башкармалыгы ишмердүүлүгүн борбордук башкаруу тутумунун негизинде жүргүзөт.