Кыскача

Ѳнүгүү тарыхы

Айыл чарба факультети, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңешинин 2007-жылдын 23-октябрындагы 2007/3-4-номердүү чечими менен түзүлүп, 2008-2009-окуу жылында даярдоо курсуна кабыл алынган студенттер менен биргеликте ѳз иш-аракетин баштаган. “Мѳмѳ-жемиш жана талаа ѳсүмдүктѳрү” жана “ Ѳсүмдүктѳрдү коргоо” бѳлүмдѳрү-бакалаврдык билим берүүдѳ. Бакалавр түрүндѳ берилген сапаттуу билим менен ѳнүккѳн дүйнѳлүк стандартта айыл чарба техникаларын жакшы ѳздѳштүргѳн жана аны иш жүзүндѳ колдоно билген, ѳндүрүү планын жасап, аны менен катар проект түзѳ билген, чечкиндүү, ѳз ишине кѳңүл коюу менен мамиле кылган айыл чарба инженерлерин даярдоо максатындабыз. Факультетибиз 2012-2013-окуу жылынын соңунда алгачкы бүтүрүүчүлѳрүбүздү уядан учурду.

Факультетибизде бакалаврдык билим алуу мѳѳнѳтү 4 жыл, тил билүү деңгээли жетиштүү болбогон студенттерге 1 жылдык даярдоо курсу берилет. Балондук системасына ылайык окууну аяктаган студенттерибиз Түркия мамлекетине жана Кыргызстанга жарактуу бакалаврдык диплом жана эл аралык аренага жарактуу диплом тиркемесин алуу укугуна ээ болушат. Учурда бүтүрүүчүлѳрүбүз “Айыл чарба инженери ” адистиги боюнча кызматка орношушууда. Факультетибизде жүргүзүлгѳн сабактар теория түрүндѳ, окутуу базаларында жана лабораторияларда практика жүзүндѳ ѳтүлѳт. Бѳлүмдѳрдүн окуу пландары эл аралык стандартка ылайык даярдалган. Окуу имараттары, корпустар, аудиториялар, лабораториялар, дыйканчылыкты изилдѳѳ жана башка базанын түзүлүүсүндѳ да учурдагы илимий талаптардын алкагында пландоо жана инвестициялоо жүргүзүлүүдѳ.

Миссиябыз

Айыл чарба иш-чараларында дүйнѳлүк жана эл аралык стандартка ылайык AR-GE иштерин пландап, аны иш жүзүнѳ ашыруу аркылуу айыл чарба тармагына жана коомго пайдалуу, заманбап билимге ээ, Кыргызстан, түрк дүйнѳсү жана анын ичинен жалпы дүйнѳдѳ болуп жаткан бардык жаңы нерселерден кабардар, улуттук аң сезими тунук, жаратылышты сүйгѳн, ага камкордук менен мамиле кылган, табийгый булактардын баркын жана анын туруктуулугунун маанилүү экендигин аңдап билген, туура ой-пикирде болгон, жоопкерчиликке тартууга дилгир, чечим чыгара билген, ѳз күчүнѳ ишенген, дүйнѳ таанымы кенен (кругозор), Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү болгонуна сыймыктанган, демилгечи жана ѳткүр мүнѳзгѳ ээ, жаш айыл-чарба инженерлерин даярдоо биздин милдетибиз.

Пикир

Тарыхый миссияны аң дап билүү менен, билим жана технология аркылуу аймактык, дегеле мамлекет жарандарынын жашоо стандарттарын жогорку деңгээлге чыгара ала турган, улуттук жана эл аралык билим берүү , илимий-изилдѳѳ жана менчик сектор менен тыгыз байланышта болгон, билим жана технологияда, маданий, социалдык жана спорттук иш-чараларда ар дайым алдыда жана тапкыч болуу. Бардык иш-чараларда улуттук, илимий жана этикалык баалуулуктардан, сапат жагынан ѳтѳ жогору турган, билимин коомчулукка жайылта алган, шериктештери менен жылуу мамиле т ү з ѳ билген, коомчулукта кадыр-баркка ээ, маданияттуу, башкаларга ѳрнѳк катары кѳрсѳт үлүп, үлгү алына турган билим жана илимий-изилд ѳѳ очогу болуу.