Кыскача

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү социалдык, маданий, экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр коммуникация тармагындагы өзгөрүүлөр менен бирдикте ишке ашууда. Коммуникация – бул маалымат берүү, маалымат алмашуу, байланыш түзүү. Демек, коммуникациянын бутактары катары журналистика, коомчулук менен байланыш жана реклама, теле-радио жана кино искусствонун, б.а. масс-медианын ролу күндөн-күнгө артып, маалымат доорунда чечүүчү роль ойноп калганы да айкын. Мунун өзү коммуникация илиминин калыптанып, кучак жайышына да алып келди. Андыктан атайын спецификалык терең билимге ээ масс-медиа адистеринин кызматына талап коомчулукта болуп көрбөгөндөй өстү. Экинчи тараптан, бул масс-медиа адистеринен бийик профессионалдык жоопкерчиликти талап кылып, билим берүү багытынын да өзгөрүшүн шарттады.

Ушул өзгөрүүлөрдү эске алып, коммуникация факультети Кыргызстан, Түркиядан тышкары, башка түрк тилдүү мамлекеттерден/автономдуу мамлекеттерден жана кошуна өлкөлөрдөн келген студенттерди:

• Дүйнөдөгү өнүгүүлөргө, өзгөрүүлөргө ачык;

• адам укуктары боюнча конвенцияларда көрсөтүлгөн эл аралык баалуулуктарга ээ;

• дүйнө менен интеграция болуу үчүн жеткиликтүү тажрыйбага ээ;

• аналитикалык ой жүгүртүүгө жана коллективде иштөө жөндөмдүүлүгүнө ээ;

• адистик боюнча теориялык жана практикалык терең билимге ээ болуу менен, масс-медианын бардык тармагында иштеп кетүүгө жөндөмдүү;

• жоопкерчиликтүү жана коомдук баалуулуктарды коргой алган;

• эл аралык платформаларда иштегенге толук жооп берген адис катары даярдап чыгарууну максат кылат.

Факультетибизде үч бөлүм бар:

• Коом менен байланыш жана реклама иши бөлүмү

• Журналистика бөлүмү

• Радио, теле жана киноискусство бөлүмү

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык аналитикалык ой жүгүртүүсү күчтүү, алдыңкы технологиялар менен иштей билген мыкты журналисттерди, реклама жана коом менен байланыш адистерин, теле-радио жана киноөнөрүнүн адистерин даярдоодо теориялык жана практикалык сабактардан тышкары, студенттер:

• улуттук жана эл аралык кинофестивалдарга,

• университеттер арасында өткөрүлгөн конкурстарга,

• семинарлар жана илимий-практикалык иш-чараларга, ар түрдүү долбоорлорго катышышат.

• Түркия, Кыргызстан жана башка мамлекеттерде практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;

• окуудагы жетишкендиктерине жараша стипендия жана жатакана менен камсыз болушат.

Факультетибиздин миссиясы:

Факультетибизде Кыргызстандан, Түркиядан жана башка боордош өлкөлөрдөн келген студенттерди көп маданияттуу чөйрөдө жана ыңгайлуу окуу шартында коммуникация багытында терең билимге ээ кылуу менен социалдык жоопкерчиликти сезген профессионал адис катары даярдоо.

Факультетибизде Кыргызстандан жана Түркиядан келген тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курам иштейт. Ошондой эле технологиялык инстраструктура үзгүлтүксүз жаңыланып турат.

Факультетибиздин бүтүрүүчүлөрү:

Бүгүнкү күндө биздин бүтүрүүчүлөр өздөрүн мыкты адис катары көрсөтүшүп, масс-медианын ар түрдүү тармагында жигердүү иштешүүдө. Алсак, өлкөдөгү кино тармагында кыска метраждуу фильмдердин жанданышына жана өнүгүшүнө зор салым кошуп, радио, теле жана киноискусство бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү тарткан тасмалар дүйнөлүк абройлуу кинофестивалдарда сыйлыкка ээ болуп, Кыргызстандын желегин желбиретип келүүдө.

Ал эми журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарында өздөрүн атаандаштыкка туруштук берген адис катары көрсөтүп, иштеп жүрүшөт. Айрыкча, Кыргызстандын алдыңкы саптагы жалпыга маалымдоо каражаттары биздин бүтүрүүчүлөргө артыкчылык беришет.

Коомчулук менен байланыш жана реклама иши бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик, жеке сектордук кызматтарда өз адистиги боюнча иштешүүдө. Белгилей кете турган нерсе, Кыргызстанда жолго коюлуп, ишке киргизилгенине көп убакыт боло элек коомчулук менен байланыш жана реклама ишинин өнүгүшүнө бул адистик боюнча теориялык жана практикалык жактан мыкты даярдыктан өткөн биздин бүтүрүүчүлөр зор салымын кошууда. Ошондой эле адистик билимин колдонуп, бизнес тармагында жеке ишин ачып, ийгиликке жетишкен бүтүрүүчүлөрүбүз да арбын.

Бүтүрүүчүлөрүбүздүн бир тобу өздөрүнүн билимин андан ары улантып, магистратура, докторантура программаларында Кыргызстанда, Түркияда жана башка чет өлкөлөрдө окуп, айрымдары илимдин магистри, доктору даражасына ээ болуп, дүйнөнүн ар тарабындагы жогорку окуу жайларда, илим изилдөө борборлорунда жана эл аралык уюмдарда ийгиликтүү иштеп жатышат.