Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмү 2001-2002 окуу жылында билим бере баштаган. Биздин кафедра 2005-2006-окуу жылында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. 2021-2022-окуу жылына карата кафедрабызды жалпысынан 393 студент бүтүрдү. 2022-2023-окуу жылына карата бөлүмүбүздө Кыргызстан, Түркия жана башка Түрк Республикалар/Коомчулуктар жана коңшу өлкөлөрдөн 130 студент билимин улантууда.

 

Биздин бөлүм технологиялык инфраструктурасы жана кесипкѳй академиялык курамы менен салттуу жана жаңы медиа чөйрөлөрүнүн бардык тармактарында иштей турган келечектеги ѳз тармагынын мыкты адиси боло турган журналисттерди даярдоодо маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Студенттерибиздин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн учурдагы шарттарга жооп бере турган деңгээлге жеткирүү максатында кафедрабыздын окуу планы дүйнөдө болуп жаткан өнүгүүлөрдү жана сектордогу талаптарды эске алуу менен кайра каралып, жаңыртылып турат.

 

Биздин бөлүмдө лекциялар түрк жана кыргыз тилдеринде теориялык жана практикалык жактан окутулат. Студенттерибиздин теориялык жана практикалык курстарда алган билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында;

  • «ГАЗЕТА МАНАС» студенттик практикалык гезити жарыкка чыгып, гезиттин маалымат булагынан баштап басылмага чейинки ар бир процессине студенттердин катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.
  • Түркия, Кыргызстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген жана ѳз тармагынын таанымал адиси болгон кесипкѳй журналист жана коммуникаторлор тарабынан ар кандай семинар, воркшоп, конференциялар уюштурулуп студенттердин сектор менен байланышын чыңдоого аракет жасалат.
  • Практикалык жана прикладдык сабактардын алкаг%D

    Доц.док.
    Ниязи Айхан

    Бөлүм башчысы

    Салттуу жана жаңы медиа тармагында билимге жана көндүмгө ээ,  кесипкѳй журналисттерди даярдоо.