Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде академиялык жана административдик кызматкерлер үчүн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу семинар уюштурулду. Үзгүлтүксүз билим берүү борбору менен коммуникация факультетинин биргелешкен демилгеси менен өткөн семинарда Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясы тарабынан сунушталган уңгужолдун максаттары жана аларды университеттин билим берүү, илимий изилдөө жана коомго кызмат көрсөтүү ишмердигине киргизүү жолдору талкууланды.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн семинарда баяндама менен коммуникация факультетинин доценти Гүлзада Станалиева чыкты. Иш-чарада сабактардын мазмунун өркүндөтүү, кыргызча-түркчө эки тилдүү окуу материалдарын даярдоо жана аткарылган иштердин жыйынтыгын конкреттүү көрсөткүчтөр аркылуу баалоо боюнча сунуштар айтылды.
Улуттук мурас менен илимий өнүгүүнү айкалыштыруу сунушталды
Гүлзада Станалиева «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы жана маданий баалуулуктары менен заманбап илимди, сапаттуу билим берүүнү жана жаңычыл ыкмаларды айкалыштырууну көздөөрүн белгиледи. Ал улуттук өзгөчөлүктү сактоо менен дүйнөлүк өнүгүүлөргө ачык болуу бири-бирин толуктаган багыттар катары каралышы керектигин айтты.
Баяндамада конституциялык түзүлүшкө берилгендик, маданий жана руханий мурастарды сактоо, коомдук кызыкчылыкты эске алуу жана башка маданияттарга урмат-сый менен мамиле кылуу сыяктуу негизги принциптерге токтолду. Ошондой эле билим берүү, илим жана маданият, айлана-чөйрө, экономика, мамлекеттик тил, коомдук мамилелер, спорт жана дин тармактарындагы багыттардын билим берүү мекемелеринин ишмердиги менен байланышы талданды.
КТМУнун иштерин конкреттүү жыйынтыктар аркылуу өнүктүрүү сунушталды
Уңгужолдун максаттары менен КТМУнун негизги багыты жана билим берүү түшүнүгүнүн ортосундагы байланышка токтолгон Гүлзада Станалиева түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын сактоо, билим берүүнү эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүү жана кыргыз тили менен түрк тилин академиялык чөйрөдө кеңири колдонуу маселелерин белгиледи.
Анын айтымында, факультеттер жана жогорку мектептер билим берүү, илимий изилдөө жана коомго кызмат көрсөтүү багытындагы иштерин уңгужолдун максаттары менен байланыштырса болот. Ар бир түзүм өзүнүн адистик багытына ылайык иш-чараларды жана долбоорлорду иштеп чыгышы маанилүү экени айтылды.
Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин студенттерге, илимий изилдөөлөргө жана коомдук муктаждыктарга кошкон салымын конкреттүү жыйынтыктар аркылуу көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.
Сабактардын мазмуну жана эки тилдүү окуу материалдары боюнча сунуштар айтылды
Семинарда уңгужолдо камтылган темаларды тиешелүү сабактардын максаттары жана күтүлүүчү окуу натыйжалары менен байланыштырууга багытталган сунуштар берилди. Окутуучулар сабактын программасына бир же эки теманы киргизип, аларды практикалык тапшырмалар менен толуктоосу мүмкүн экени белгиленди.
Студенттердин маалыматтарды талдоо, ар түрдүү көз караштарды салыштыруу жана далилдерге таянуу менен жыйынтык чыгаруу жөндөмдөрүн өнүктүргөн окутуу ыкмаларынын маанисине да көңүл бурулду. Ушул багытта уңгужолдо белгиленген максаттарды студенттер өз алдынча изилдеп, талкууга катышкан практикалык иштер аркылуу окутуу сунушталды.
Кыргыз тилинин илим жана билим берүү тармагындагы колдонулушун кеңейтүү максатында кыргызча-түркчө терминологиялык сөздүктөрдү жана эки тилдүү окуу материалдарын даярдоо маселеси да көтөрүлдү. Мындай иштер тармактарга тиешелүү илимий терминдерди өнүктүрүүгө жана студенттердин эки тилдеги академиялык булактарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Иштерди баалоодо жыйынтыктын сапатына көңүл буруу сунушталды
Семинардын жүрүшүндө уңгужолдун негизинде жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөө жана баалоо маселеси да каралды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине берилүүчү мезгилдүү отчеттордо иш-чаралардын санын гана көрсөтпөстөн, алардын сапатын, жетишилген жыйынтыктарын жана билим берүү процессине кошкон салымын да так көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.
Гүлзада Станалиева белгиленген максаттарды университеттин күнүмдүк иш процесси менен байланыштыруу маанилүү экенин айтып, академиялык жана административдик кызматкерлерди өздөрүнүн иш багытына ылайык ишке ашырууга боло турган сунуштарды иштеп чыгууга чакырды.
Семинар улуттук баалуулуктарын билген, илимий ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ жана дүйнөлүк өнүгүүлөргө көз салып турган жаштарды тарбиялоодогу жалпы жоопкерчиликтерди талкуулоо менен жыйынтыкталды.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)