Экономика бөлүмү Кыргызстан мамлекетинин жана  аймактагы башка  мамлекеттердин жеке жана мамлекеттик тармактарында талап кылына турган сапаттуу экономисттерди тарбиялоо үчүн уюшулган бөлүм болуп саналат. Ушул максаттын негизинде бөлүм бакалавр, магистратура жана докторантура даражаларын камтыган кеңири окутуу программасын сунууда. Бакалаврдык окуутуу даярдоо курсундагы (чет тили) окутуудан тышкары сегиз жарым  жылдык (төрт жыл) окуутудан туруп, экономика, менеджмент, укук жана финансы сабактары негизги сабактар катары берилет. Окутуу-үйрөтүү процесси студенттерде аналитикалык, жаратмандык ойлонуу жөндөмүн пайда кылууга багытталган. Экономика бөлүмүнүн студенттери алгачкы жылдардан эле баштап технологиялык жетишкендиктерди пайдалануу аркылуу компьютер менен коштолгон билим алышууда. Студенттер тажрыйбада кеңири колдонулган программалардын жанында ошондой эле ар кандай статистикалык жана эконометрикалык анализ кылуу программаларын дагы үйрөнүшүүдө. Экономика бөлүмү  кыргыз тили жана түрк тилдерин окутуу тили катары колдонуу менен студенттерге орус жана англис тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн сунуу менен өзүнчө бир орунда турат.

Экономика бөлүмүнүн студенттери үчүн окууну бүтүрүүдөн мурда эң аз бир айлык стажировкадан өтүү талабы бар. Студенттер стажировкаларын Кыргызстандын жана Түркиянын тандалган мекемелеринде өткөрүүдө. Мындай стажировкалар студенттерге теориялык билимдерин тажрыйбада колдонуу, иш тажрыйбасына ээ болуу, ишин улантуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунат.
Ар жылы атайын уюштурулган сынак аркылуу ийгиликтүү студенттер Түркиянын Борбордук Банкында,  Каржы министрлигинде, Стамбул Баалуу Кагаздар Биржасында, Түркиянын Халк Банкасында, Түркия Стандарт Институтунда, Айыл-чарба Банкасында, Стамбул Алтын Биржасында ж.б көптөгөн жерлерде стажировкадан өтүшүүдө. Мындан башка Кыргызстандын жеке жана мамлекеттик мекемелеринде стажировкадан өтө турган студенттерге стажировка өткөрүү мекемелерин табууга жардам кылынат. Кыргызстанда студенттер каржы министрлигинде, Улуттук Банкта, Доскредобанк, Истикбал, Аман Банк, Нур мебель, Демир Банк, Кыргыз Алтын, Инексим Банк, Кыргызстан Баалуу кагаздар Биржасы сыяктуу жерлерде стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушууда.
Окуу процессинде ишкердик жөндөмдүүлүгүн арттырган бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстанда жана Түркияда жеке же орток ишканаларын ачуу менен эмгек жолун баштоодо. Бүтүрүүчүлөрүбүз негизинен Улуттук Банк, Казына, Каржы министрлиги сыяктуу мамлекеттик мекемелерде жана ошондой эле жеке тармактарда, Биржа, Инвестиция рыногу сыяктуу жеке жана мамлекеттик мекемелерде иштешүүдө. Бул мекемелерде камсыздандыруучу, банкир, каржы адиси, инвестиция жана финансы адиси, каржы аналитиги ж.б ушул сыяктуу ар кандай  кызматтарда эмгектенишүүдө.

Проф.док.
Серхат БУРМАОГЛУ

Бөлүм башчысы

Экономика кафедрасы Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик жана жеке секторлор үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында түзүлгөн. Билим берүү программалары бакалавр, магистратура жана докторантура даражаларын камтыйт. Бакалавр программасы студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жана чыгармачылык жөндөмүн өстүрүүгө жардам берүү үчүн иштелип чыккан. Биздин кафедранын студенттери заманбап байланыш технологиялары менен тааныш. Бул жерде билим алуу учурунда студенттер бул технологияларды, ошондой эле статистикалык жана эконометрикалык анализдерди колдонушат. Окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде. Экономика кафедрасынын дагы бир артыкчылыгы – англис жана орус тилдеринде курстарды сунуштайбыз.

Студенттерибиз Кыргызстанда, ошондой эле Түркияда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жыл сайын биздин эң ийгиликтүү студенттерибиз Кыргызстандын жана Түркиянын жеке компанияларында мамлекеттик, каржылык жана банктык мекемелерде стажировкадан өтүшөт. Ошондой эле, жыл сайын биздин студенттер Түркияда бир айлык стажировкадан өтүшөт.

Көптөгөн студенттерибиз окууну аяктагандан кийин жеке фирмаларды ачышат же Кыргызстанда жана Түркияда уюмдарда эмгек жолун башташат. Биздин бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сектордо, Улуттук банк, Финансы министрлиги, Казыналык, Биржа сыяктуу мекемелерде, ошондой эле капитал рыногунда иштешет.

Биздин бөлүмдө амбициялуу жана мотивациялуу жаштарды көргөнүбүзгө дайыма кубанычтабыз; жаркыраган билим алууну максат кылган, талкууга жана диалогго ачык адамдар. Кафедрабыздын илимий жана практикалык жетишкендиктери сиздерден, биздин келечектеги студенттерибизден көрүнүп турат жана экономика факультетинин бүтүрүүчүсү катары өз карьераңызды табаарыңызга ишенебиз.

 Силерге бардык жакшылыктарды каалайм!

Бөлүмдүн катчысы

Толкун Жумакунова

Телефону: 492763/65

Кошумча: 628

Кабинет: İİBF-405