Экономика боюнча бакалавр программасы төмөнкү курстарды камтыйт:
1 курс: Бизнес жана экономика үчүн математика I, Информатика, Экономикалык теориянын негиздери I, Менеджменттин негиздери, Экономиканын тарыхы, Укук, Экология, Бизнес жана экономика үчүн математика II, Экономикалык теориянын негиздери II, Маркетинг,  Кыргызстандын салык системасы.
2 курс: Ата Мекендин тарыхы I (Кыргызстан тарыхы), Философия, Бухгалтердик эсептин негиздери I, Микроэкономика I, Макроэкономика I, Бизнес жана экономика статистикасы I, Эл аралык мамилелерге киришүү, Бухгалтердик эсептин негиздери II, Микроэкономика II, Макроэкономика II, Бизнес жана экономика статистикасы II.
3-курс: Эл аралык экономика I, Акча-кредит, Эконометрика I, Эл аралык экономика II, Финансы, Эконометрика II.
4-курс: Экономикалык саясат, Кыргызстандын экономикасы, Салыктар жана салык салуу, Дүйнөлүк экономика, Дипломдук иш II, Түркиянын экономикасы.
Университеттин «Экономика» багыты боюнча программасы үчүнчү курстан баштап окуу курстарын тандоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Ошондой эле окуу планында 1, 2, 3-курстарда студенттердин курстук иштерди, 4-курста бүтүрүү квалификациялык иштерин жазуу каралган. Адистиктин курстары жөнүндө толук маалыматты окуу планынан жана дисциплиналардын мазмунунан тапса болот.