ПРОГРАММАНЫН МАКСАТЫ

"Финансы жана кредит" бакалавриат программасынын максаты; финансы жана банк иши багытында теориялык жана прикладдык билимге ээ болгон, билим жана көндүмдөрүн практикада колдоно алган, проблеманы чече алган, командада иштей алган, коммуникациялык жөндөмдөрү өнүккөн, инновацияларга жакын, критикалык ой жүгүрткөн, жоопкерчиликтүү, мекенин сүйгөн, сабырдуу, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон, финансы секторуна керектүү профессионал адистерди жана финансылык мекемелердин жетекчилерин даярдоо.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

«Финансы жана кредит» программасы даярдоо курсунан тышкары 4 жылдык бакалавриат программасы. Окутуу тилдери түрк, кыргыз жана сабактардын 30% англис тилдеринде жүргүзүлөт, жана бул тилдер даярдоо курсунда окутулат. Биздин бөлүмдө билим берүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.

«Финансы жана кредит» программасы экономика, илимий изилдөө жана башкаруу тармагында, өзгөчө финансы тармагында компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. «Финансы жана кредит» кафедрасында финансы, экономика жана бизнес сыяктуу тиешелүү илимий дисциплиналар; банк иши, камсыздандыруу, портфелди башкаруу, финансылык отчеттуулукту талдоо, акча-кредит теориясы жана акча-кредит саясаты, бухгалтердик эсеп, эл аралык финансы, финансылык институттар, рисктерди башкаруу жана башка дисциплиналар дисциплиналар Түрк, кыргыз, англис жана орус тилдери менен катар окутулат. Биздин бүтүрүүчүлөр финансы тармагында компетенттүү болушу, жана бул багытта алган билимдерин заманбап дисциплиналар менен чечмелеп, ошондой эле ошол тармакта өз билимдерин жана көндүмдөрүн колдоно ала турган билимге, көндүмгө жана компетенцияларга ээ болуусу максат кылынат. Программаны ийгиликтүү аяктаган студенттерге, Кыргызстанда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө адис жана менеджер, финансист, экономист, инвестициялык консультант болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берген мамлекеттик үлгүдөгү диплом ыйгарылат. Окууну аяктагандан кийин студенттер билимин магистратурада, өзгөчө Кыргызстанда жана Түркияда уланта алышат.

Программаны ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы окуу кабинеттери, семинардык аудиториялар, жакшы жабдылган компьютердик лабораториялар бар. Электрондук китептерге, мезгилдүү басылмаларга, маалымат базаларына, электрондук ресурстарга жетүү камсыз кылынган. Окуу залдарын жана борбордук китепкананы үзгүлтүксүз интернет менен камсыз кылуучу интернет-инфраструктура түзүлгөн.

Учурда бакалавриат программасында профессордук-окутуучу курамы 2 штаттык, анын ичинде 1 профессор жана 1 доценттин милдетин аткаруучудан турат. Бардык окутуучулар чет өлкөдөгү илимий кызматкерлер менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык илимий иш-чараларга катышат. Кафедрада Түркиянын кадыр-барктуу университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалган окутуучулар дагы эмгектенишет. Керек болгон учурларда Кыргызстандын башка ЖОЖдорунда иштеген окутуучулар биздин кафедрага штаттан тышкаркы окутуучу катары чакырылат.

Ийгиликтүү студенттерибиз Эразмус, Мевлана, Фараби жана Орхун сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдүн университеттеринде, өзгөчө Түркияда бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, университетибиздин колдоосу менен практикадан да өтө алышат. Мындан тышкары, биздин кафедрада билим алып жаткан студенттер жайкы практикага катышуу менен чет элдик тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Финансы жана кредит» кафедрасы илимий иштеп чыгууларга жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат.