Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз мамлекеттик жана жеке сектордогу финансылык жана кредиттик уюмдарда, мамлекеттик жана жеке ишканалардын каржы бөлүмдөрүндө; өнөр жай, маркетинг жана консалтинг компанияларында, изилдөө институттарында эмгектенүүдө. Биздин студенттер финансылык эксперт же аналитик, бухгалтер, аудитор, банк кызматкери, камсыздандыруу агенттери, инвестиция жана финансы боюнча адистер катары иштеп жатышат. Айрым бүтүрүүчүлөрүбүз Түркия, Норвегия, Латвия, Россиядагы университеттерде магистратура жана  докторантура программаларында билим алууда.