Эразмус+ жана Мевлана

Университетибиз Мевлана программасынын алкагында Түркия Республикасынын университеттери менен келишимдерди түзгөн. Студенттерди жана окутуучуларды алмашуу программаларына катышуусуна мүмкүнчүлүк берилет. Мевлана студенттерди жана мугалимдерди Түркия жана башка мамлекеттердеги университеттер арасында алмашууну шыктандыруу үчүн түзүлгөн. Программа Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү кеңеши тарабынан каржыланат. Мугалимдер үчүн алмашуу программалары эки жумадан үч айга чейин созулат. Ошол эле учурда катышуучулар академиялык иш-аракеттерге жумасына 6 сааттан кем эмес убакыт жумшашат. Студенттер алмашуу университетинде окуу акысын төлөбөйт, бирок эгер карлаган болсо өз университетинде окуу акысын төлөшөт. Студенттер Мевлана алмашуу программаларында бир же эки семестр өткөрө алышат, бирок бир окуу жылынан ашык эмес.