Эл аралык мамилелер бул бир өлкөнүн ички иштери тышкары коомдук мамилелердин өзгөчө бир түрү, ошондой эле эл аралык системанын ичиндеги бирдиктердин, айрыкча эл аралык мамилелерде негизги бирдик болуп саналган өлкөлөрдүн өз ара аракеттешүүсү жана алардын башка мамлекеттер, эл аралык/регионалдык/мамлекеттик уюмдар, транснационалдык компаниялар, эл аралык стандарт жана эл аралык коом менен болгон мамилелерин изилдеген дисциплиналар аралык бир дисциплина болуп эсептелинет. Бүгүн эл аралык мамилелер дегенде жалгыз гана мамлекеттер арасындагы аракеттешүү түшүнүгү менен чектелбестен ар кандай жамааттар, коомдук уюмдар, айрым адамдар жана транснационалдык субъекттер арасындагы мамилелер болгондугу да эске алынышы керек.

Эл аралык мамилелер бөлүмү студенттерине дүйнөлүк саясатты чыныгы адистерден бакалавр жана магистратура программаларында үйрөнүгө жана талкуулого мүмкүнчүлүк түзүү менен бирге, уюштурулуп жаткан илимий иш-чаралар аркылуу глобалдашуу процесинде  эл аралык мамилелердин улуттук, регионалдык жана глобалдуу аспекттери менен актуалдуу маселелер боюнча маалымат алышын камсыз кылмакчы. Ошондуктан, студенттердин билимге умтулуу, билимди өндүрүү, өркүндөтүп-өөрчүтүү жана иш жүзүнө ашыруу менен өлкөлөрүнүн  жашашына жана өнүгүп-өркүндөшүнө өз салымын кошуушуна ишенмекчибиз.

МИССИЯ жана СТРАТЕГИЯ

Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн максаты; Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы максаттарын аркалоо менен бирге, изденүүчү, сындоочу жана чечүүчү аң-сезимге ээ болгон, дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүү учурларында коомго лидер боло алган жана адамдык баалуулуктарды сыйлай билген жараандарды даярдоо болуп саналат. Ошондой эле, билимге умтулуу, билимди өндүрүү, өркүндөтүп-өөрчүтүү жана иш жүзүнө ашыруу менен өлкөлөрүбүздүн түбөлүккө чейин көз карандысыз жашашына жана өнүгүп-өркүндүшүнө өз салымын кошууну өзүнө милдет катары кабыл алат.

Негизинен Түрк жана Кыргыз тилдеринде билим берүүгө багытталган эл аралык мамилелер бөлүмү, илимий булактарга таянуу менен, айлана чөйрөбүздө болуп жаткан процесстерди түшүнгөн, мамлекеттерибиздин стратегиялык багыт алууларына салым кошкон жана бул багыттарды башкара алган лидерлерди даярдоо болуп эсептелет. Бул максат негизинен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Евразияда эле эмес бүткүл дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин катарына кирүү тилегине туура келет.

Эл аралык мамилелер бөлүмү:

  • илимий негиздеги ар кандай көз караш менен пикирдин тынч жана толеранттуу түрдө айтууга мүмкүнчүлүк түзгөн, эркиндикти, акыйкаттыкты жана ачык айкындыкты аркалаган;​

  • илимий баалулуктарга маани берген жана иш чараларда алдынкы орундарда болгон;

  • билимдин коомдун өнүгүшүнө түрткү боло турганына ишенген;

  • университетте эмгектенгендер менен студенттердин ыраазычылыгын алуу менен сыймыктанган;

  • студенттерибиз өлкөлөрүбүздүн келечегинде жана анын калыптанышында оорчундуу жоопкерчилик ала тургандыгына ишенет. 

Бөлүмдүн катчысы

Элмира Купсуралиева

Телефону: 492763/65

Кошумча: 659

Кабинет: İİBF-505