2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН КҮЗГҮ СЕМЕСТРИНДЕГИ ФИНАЛДЫК СЫНАКТАРДЫН РАСПИСАНИЕСИ БОЮНЧА - МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫ
2023-12-29 | Жаңылык
ПРОГРАММАНЫН МАКСАТЫ
«Менеджмент» бөлүмүнүн максаты - окууну аяктагандан кийин өзү тандап алган кесиптик ишмердүүлүк тармагында иштей ала турган, бизнес дүйнөсүнүн муктаждыктарын канааттандыра алган, бизнес чөйрөсүндөгү ар кандай тармактарда ийгиликке жете алган, универсалдуу жана кесипке тиешелүү билимге, көндүмдөргө жана компетенцияларга ээ, жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ, технологияны колдоно алган, аналитикалык ой жүгүртө алган жана стратегиялык чечимдерди кабыл алган ишкердүүлүк мамиле кыла алган менеджерлерди (башкаруучуларды) даярдоо.
ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Менеджмент бөлүмүнүн максаты, заманбап бизнес дүйнөсү муктаж болгон, глобалдык бизнес дүйнөсүнүн муктаждыктарына жооп бере турган билим жана көндүмдөр менен жабдылган квлификациялуу жумушчу күчү муктаждыктарын канааттандыра турган бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.
Менеджмент программасын ишке ашырууда 8 аудитория, 1 смарт класс, 1 семинар салону жана 2 компьютердик лаборатория колдонулат. Университетибиздин борбордук китепканасы бай окуу жана илимий китептери, периоддук басылмалары, эл аралык маалымат базаларына жана электрондук булактарга жетүүгө шарт түзгөн күчтүү интернет инфратүзүмү жана окуу залдары менен студенттерге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө. Мындан тышкары студенттердин инсандык жана кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылган студенттик клубдар бар.
Учурдагы “Менеджмент» бакалавр программасынын окутуу иш-чаралары толук ставкадагы 6 окутуучу тарабынан жүргүзүлүүдө. Анын ичинен: 3 профессор, 2 доцент, 1 доценттин милдетин аткаруучу эмгектенүүдө. Айрым профессордук-окутуучулар курамынын мүчөлөрү доктордук диссертацияларын чет өлкөлөрдө жакташкан. Бардык профессордук-окутуучулар курамы өз багыты боюнча чет өлкөлүк изилдөөчүлөр менен дайыма кызматташып, изилдөө жүргүзүүдө жана улуттук жана эл аралык илимий иш-чараларга катышууда. Бөлүмүбүздө Түркиянын кадыр-барктуу университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалган, менеджменттин ар кандай тармагында адистешкен 3 окутуучу эмгектенүүдө. Зарыл болгон учурда башка жогорку окуу жайларда эмгектенген белгилүү профессордук-окутуучулук курам да бакалавриат программасынын курстарын окутуу үчүн жарым ставка же саат башына акы төлөнүү жолу аркылуу дайындалат. Учурда бөлүмүбүздө саат башына акы төлөнүүчү негизде 3 окутуучу эмгектенүүдө.
Түркия баштаган бир канча чет өлкөлүк университеттер менен университетибиздин тиешелүү бөлүмдөрү ортосунда студент жана окутуучу алмашуу программалары боюнча келишимдерибиз бар. Бул алкакта студенттерибиз Эразмус, Мевлана жана Орхун сыяктуу алмашуу программалары аркылуу көптөгөн университеттерде бир же эки семестр бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жогоруда сөз болгон алмашуу программаларынан окутуучуларыбыз дагы пайдалана алышат.
Ийгилик деңгээлине жараша бөлүмүбүздүн студенттери Түркиянын жеке жана мамлекеттик мекемелеринде стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул багытта 3-курсту аяктаган студенттерибиз Түркиянын жана Кыргызстандын белгилүү мекемелеринде практикадан өтүп, бизнес дүйнөсү менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Менеджмент бакалавр программасы илимий өнүгүүлөргө, инновацияларга жана бизнес дүйнөсүнүн күтүүлөрүнө ылайык дайыма жаңыланып турат.
Проф.док.
Гөкхан ӨЗЕР
Менеджмент бөлүмүнүн максаты - ишкердүүлүк жөндөмдүүлүктөрү жогору; өзүнүн бизнесин курууга даяр; Кыргызстандын, Түркиянын жана башка чет өлкөлөрдүн жеке жана мамлекеттик ишканаларында ар баскычтагы башкаруучулук кызматын аткара алууга керектүү билим жана жөндөмгө ээ; дайыма изденүү жолунда жүргөн; өз алдынча үйрөнүүгө умтулган жана тажрыйбалары менен бөлүшкөн; шыктуу жана рынок экономикасынын шарттарында бизнести башкаруу жаатында керектүү адам ресурстарын тарбиялоо.
Менеджмент бөлүмү - маалыматты туура колдоно алган, актуалдуу экономикалык маселелерди талдай алган жана чечүү жолдорун сунуштай алган, мамиле курууну билген, этикалык принциптерди сыйлаган, жаңыланууга жана өсүп-өнүгүүгө даяр, бизнести башкарууга тиешелүү компьютердик программаларды колдоно алган студенттерди даярдоо максатын алдына койгон. Мындан тышкары, Менеджмент бөлүмү өз багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, кызыктар тараптар менен жыйынтыктары менен бөлүшүүгө; коом алдындагы милдетине ылайык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашырууга; ар кандай рыноктук шарттарга ылайыкташуу күчүнө жана жогору атаандаштык артыкчылыгына ээ студенттерди тарбиялоого багытталган окуу программасын сунуштайт
Эльмира Купсуралиева
Телефону: 492763/67
Кошумча: 659
Кабинет: İİBF-505