Бөлүм КР билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бекитилген жана лицензияланган программа боюнча иш алып келет. Билим багыты 520800 – Экология жана жаратылышты колдонуу, профили – Экология инженерлиги.

Бөлүм бакалавр, Магистр жана PhD даражаларын сунуштайт.

Азыркы учурда, адамдын ишмердүүлүгүнүн тез өнүгүүшү айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди күчөтүүдө. Буга байланыштуу жаратылышты коргоо жана рационалдуу колдонуу жаатында илимий жана билим берүү ишмердүүлүк актуалдуу болуп баштоодо. Ошону менен бирге экологиялык акыбалды мониторинг жасай алган, жаңы аз таштанды технологияларды иштеп чыгала турган, жана дагы өнөр жай объектилерин жана технологиялык чечимдерди экспертизалоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгон адистерге талаптар өтөө жогору. Бүгүн экологиялык экспертизасыз ар кандай имараттарды, жолдорду, фабрикаларды же заводдорду курууга киришүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары учурдагы экологиялык акыбалда бир дагы ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн эколог-инженерлердин көзөмөлүcүз жүргүзө албайт. Бул учурда жаратылыш мыйзамдарын билүүсү жаратылышты колдонуунун практикалык чечүү жана айлана чөйрөнүн акыбалын экологиялык баалоо үчүн негиз болуп берет.

Тарых

Инженердик факультетте экологиялык инженерия кафедрасы 1997-жылы «Экологиялык технология» деген ат менен ачылган. 1998-1999-окуу жылында экологиялык инженерия деп аталды. Кафедра «520800 – Экология жана жаратылышты пайдалануу» билим берүү багыты боюнча бакалаврларды, магистрлерди даярдайт, профили – Экология инженериясы, лицензиясы №LD150000306 бюджеттик негизде. Студенттерди кабыл алуу 1997-1998-окуу жылында жүргүзүлгөн. Билим берүү программалары кредиттик сааттар боюнча эл аралык билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Учурда бакалаврлардын он тогузунчу жана магистрлердин он биринчи бүтүрүүлөрү аяктады.

Проф.док.
Зарлык МАЙМЕКОВ

Бөлүм башчысы
Экологиялык проблемалардын актуалдуулугу биздин цивилизациянын өнүгүшү менен ажырагыс байланышта. Технологиянын өнүгүшү жана технологиялардын татаалдашы ар кандай техногендик кырсыктардын ыктымалдыгын жогорулатып, экологиялык коркунучтун жаңы факторлорунун пайда болушуна алып келет. Мурда жаратылган технологиялар экологиялык жактан кемчиликсиз эмес, бул биздин доордун глобалдык көйгөйлөрүнө алып келди жана планетабыздагы бардык жандыктардын жашоосуна коркунуч туудурду. Көптөгөн экологиялык көйгөйлөрдү чечүү көбүнчө адистердин жаратылышты башкарууну уюштурууда оптималдуу чечимдерди табуу жөндөмүнөн, жаратылыштын эң маанилүү мыйзамдарын билүүсүнөн көз каранды. Бул үчүн ар кандай кесиптин адистери экологиялык ой жүгүртүүнүн белгилүү деңгээлине ээ болушу керек. Келечек жаратылыштын мыйзамдарына жооп берген технологияларды түзө алган жана аларды башкарууну билген адистерге таандык экенин унутпашыбыз керек.