Кыскача

Кыр‑Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети 2007-жылы негизделген жана 2009–2010‑окуу жылында Графика бөлүмү, Живопись бөлүмү жана Театралдык искусство бөлүмү студенттерди кабыл алып, академиялык ишмердүүлүгүнө баштады. Бул бөлүмдөр менен башталган факультетибиз, 2015-жылы Музыка бөлүмүн кошуу менен академиялык түзүмүн кеңейтти. Азыркы учурда факультетибиз ушул төрт бөлүм боюнча лицензия деңгээлинде билим берет; студенттерге теориялык билим, көркөм тажрыйба жана маданий тажрыйбаны бирге сунуштайт.

Факультетибиз глобалдашкан дүйнөдө көркөм өнөрдүн маданияттар аралык коммуникациядагы ролун түшүнүү менен, студенттерибиздин өз түпкү маданий тамырларынан ажырабай, универсалдык көркөм баалуулуктарга жетишүүсүн максат кылат. Окутуу учурунда Кыргызстан менен Түркиянын ар бир тармагында адис болгон окумуштуулары иштейт жана ушундайча биздин студенттер Түрк дүйнөсү менен дүйнөлүк цивилизациялардын көркөм тажрыйбасын таанып, өзүнчө ойлонгон, өндүрүмдүү жана жоопкерчилиги бар сүрөтчүлөр катары өскөнүнө кепилдик берет.

Факультетибиз Mevlâna жана Orhun алмашуу программалары аркылуу студенттерге Түркиянын университеттеринде билим алуу жана тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Мындан тышкары, Түрк дүйнөсүнөн чакырылган окутуучулар тарабынан уюштурулган семинарлар, конференциялар жана көргөзмөлөр студенттерибиздин көркөм көз карашын байытуу үчүн кызмат кылат. Факультетибиздин окутуучулары жана студенттери улуттук жана эл аралык деңгээлдеги көркөм иш-чараларда университетибизди ийгиликтүү түрдө өкүлдүк кылышат.

Факультетибиз сүрөт, графика, фото, каллиграфия жана хат өнөрү жаатында уюштурган көргөзмөлөр, концерттер, курстар жана сахналуу иш-чаралар менен университетибиздин көркөм турмушуна маанилүү салым кошот. Факультетибиздеги өнөр коомчулуктары уюштурган концерттер, көргөзмөлөр жана сахналык иш‑ичаралар аркылуу университет ичинде жана тышында кеңири көрүүчүлөргө жетет. Айрыкча, Түрк Дүйнөсү Оркестри — Түрк дүйнөсүнүн бай музыкалык маданиятын чагылдырган репертуары менен чоң маңызга ээ.

Көркөм өнөр факультетибиздин миссиясы — көркөм өнөрдүн бириктирүүчү күчү аркылуу маданияттар ортосунда көпүрө курууга жөндөмдүү, илимий изденүүчү, чыгармачыл жана этикалык баалуулуктарга ээ сүрөтчүлөрдү даярдоо.

Факультетибиз квалификациялуу академиялык курамы, заманбап окутуу концепциясы, физикалык жана техникалык инфраструктурасы, көркөм өндүрүмдүүлүгү жана эл аралык кызматташуулары менен Борбор Азиянын алдыңкы өнөр факультеттеринин бири болуу визиясы менен иш жүргүзүп келет.