2025-2026 окуу жылы, күз семестринин магистратура жана докторантура программаларынын сабактарынын жүгүртмөсү
2025-08-20 | Кулактандыруу
Тарых бөлүмү жана максаты
Тарых бөлүмү КТМУнун курамында ачылган университеттин алгачкы бөлүмдөрүнүн бири, 1997-жылдан баштап студенттерди кабыл ала баштаган, бөлүмдүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү 2002-жылы аякташкан. Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү азыркы мезгилде Кыргызстан, Түркия жана башка мамлекеттерде өздөрүнүн адистиктери менен бирге түрдүү тармактарда эмгектенишип, коомго кызмат кылышууда.
Тарых бөлүмүндө даярдоо курсунда студенттер бир жыл бою кыргыз жана түрк тилдерин үйрөнүшөт, андан кийин төрт жылдык адистик бакалавр даражасынын негизинде окуу программасы ишке ашырылат. Бакалаврдан кийинки магистратура жана докторантура программалары да иштейт. Тарых бөлүмү ишмердүүлүгүнө баштагандан бери өз тармагында адис илимпоз тарыхчылар студенттерге татыктуу билим берип келүүдө. Тарых бөлүмүнүн академиялык курамын негизинен Кыргызстандык жана Түркиялык илимпоздор түзүшөт.
Тарых бөлүмү Кыргызстан, Түркия ж.б. түрк республикаларындагы жаштарды бириктирүү, аларга заманбап, эл аралык деңгээлдеги билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуу, XXI кылымдагы эл аралык аренада татыктуу адистерди чыгаруу максатында негизделген. Бул максатта тарых боюнча билим алууга кызыккан жаштарды заманбап ыкмаларды жана технологияларды пайдалануу менен адамзат тарыхынын бардык доорлорун дүйнө тарыхы алкагында илимий негизде иликтеген, өзгөчө бакалавр, магистратура жана докторантура деңгээлинде тарых багытында изилдөө иштерин аткара алган, тарых тармагына байланыштуу мекемелерде иштей алган адистерди тарбиялоодо студенттерге керектүү билимдерди берүү болуп саналат.
Тарых бөлүмү тарыхты талдай алган, өткөн менен келечектин ортосунда байланыш курган, кеминде бир чет тилди билген жана түрдүү мекеме жана кызмат секторлорунда иштей алган адистерди, ошондой эле коомдук билимдердин ар кандай тармактарында изилдөөлөрдү жасай алган бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоо максатында иш жүргүзөт.
Тарых бөлүмү студенттерге олуттуу тарыхый аң-сезимди калыптандырууну максат кылган билим берүү ыкмасына, ошол эле учурда тарыхый окуяларга илимий көз караш менен кароонун маанилүүлүгүн алдыңкы планга чыгарган билим берүү түшүнүгүнө ээ. Биздин бөлүмдүн окуу планы студенттерге ар түрдүү темаларга жана мезгилдерге багытталган курстар аркылуу түрдүү тармактарда адис болуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Иш-чара багыттары:
Тарых бөлүмү бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча билим берүүдө;
Бөлүмдүн окумуштуулары илимий изилдөө иштери аркылуу түрк элдеринин жана дүйнөлүк тарыхтын белгисиз беттерин тактоо менен илим коомчулугуна маанилүү салым кошууда;
Бөлүмдөгү окумуштуулар тарых илиминин актуалдуу темалары боюнча ар түрдүү республикалык жана эл аралык деңгээлдеги изилдөөлөрдү жана илимий долбоорлорду даярдашууда;
Республикалык жана эл аралык илимий жыйындарга, конференция, симпозиум, семинарларга жана башка маданий, коомдук иш-чараларга жигердүү катышууда, ошондой эле мындай иш-чараларды уюштуруп келишет.
Жумуш мүмкүнчүлүктөрү:
Тарых бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү төмөнкү тармактарда иштей алышат:
Илимий, башкаруу, кеңеш берүү жана билим берүү иш-чараларында;
Орто окуу жайларында, лицейлерде, кесиптик жогорку окуу жайларында жана колледждерде;
Маданият жана билим берүү мекемелеринде (музей, китепканалар, архивдер, маданий баалуулуктарды жана эстеликтерди коргогон уюмдар, менчик фонддор);
Mассалык маалымат каражаттарында (радио, телевидение, гезит жана журналдарда эксперт, кеңешчи ж.б. кызматтарда);
Мамлекеттик агенттиктерде, жергиликтүү жана эл аралык институттарда, фонддордо (эксперт, кеңешчи ж.б. кызматтарда);
Мамлекеттик органдарда (борбордук жана аймактык башкарууда).
Тарых бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн билимин улантуу мүмкүнчүлүктөрү:
Тарых багыты боюнча бакалавр деңгээлин бүтүргөн студенттер билимин андан ары тереңдетип улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүтүрүүчүлөр каалоосуна жараша тарых бөлүмүндө магистратура жана докторантурада окуй алышат.
Проф.док.
Жээнбек Алымбаев
Сүйүктүү студенттер!
Сиздер билим алып жаткан тарых бөлүмү университетибиздин туңгуч бөлүмдөрүнүн бири катары таанылат. Бөлүмдүн негизги максаты –студенттерге терең билим берүү, учурдун талабына татыктуу, билимдүү адистерди даярдап чыгаруу, cтуденттердин ой-пикирлерин, көз караштарын калыптандырып, келечекке туура багыт берүү. Аталган максатты ишке ашырууга бөлүмдүн толук мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары бар. Анткени бөлүмдө өз адистигин мыкты билген, өзүнүн илимий публикациялары менен таанылган белгилүү академиялык топ эмгектенет. Бөлүмдө бакалаврдан тышкары магистратура жана докторантура программалары да ачылган. Илим жолун тандап алган студенттер үчүн ар дайым эшигибиз ачык.
Урматтуу студенттер, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин келечекте эл аралык деңгээлин даңазалап, көтөрүү үчүн сиздерден терең билимге ээ болуу менен бирге санариптештирүү доорунун талабына жооп берчү бир канча тилди өздөштүргөн, технологияны толук колдоно алган мыкты адистердин болушу үчүн баардык күч аракетиңиздерди жумшашыңыздарды өтүнөбүз.
Адам баласынын турмушундагы «алтын доор» катары саналган студенттик жылдардын пайдалуу, кызыктуу өтүшүн каалаймын!