АНГЛИСЧЕ-КЫРГЫЗЧА ПРОГРАММAСЫ

Максаты –  Кыргызстан, Түркия жана англис тили колдонулган чет өлкөлөрдүн  ортосундагы саясий, экономикалык, маданий байланыштардын алкагында өткөрүлгөн ар түрдүү иш-чараларда, долбоорлордо англисче-кыргызча жазуу жана оозеки түрдө котормо ишин жүргүзө алган, тил жана котормо жаатында базалык билими бар жана котормочулук кесип талап кылган көндүмдөргө ээ болгон  котормочуларды даярдап чыгаруу. Ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде уюшулган курултай, симпозиум, семинар, конгресс ж.б. расмий жыйын, жолугушууларда кыргызча-англисче, англисче-кыргызча котормо кызматын сунуштай ала турган синхрон котормочуларды даярдоо – Синхрондук котормо бөлүмүнүн негизги максаттарынын бири.

Англисче-кыргызча программасында төрт жылдык мөөнөттөгү бакалавр программасынын алкагында биринчи эки жылда англис жана кыргыз тили боюнча теориялык жана практикалык сабактарга, 3-4-курстарда түздөн-түз котормочулук адистигине багытталган практикалык сабактарга басым жасалат.  

Англис жана кыргыз тилинде берилген сабактар студенттердин сөз байлыгын өстүрүү менен катар ошол тилдерде илимий изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү да максат кылат.

Котормо сабактарында оозеки жана жазуу котормого басым жасоо менен бирге, синхрондук которуу боюнча практикалык сабактар өткөрүлүп, оозеки жана синхрон которуунун ар түрдүү ыкмалары үйрөтүлөт. Котормо сабактарында, негизинен, студентердин семантикалык жана коммуникативдик методдордун негизинде которуу көндүмдөрү калыптандырылат жана  котормого сынчыл анализ жүргүзүү аркылуу сапаттуу котормо жасоого көнүктүрүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

 Программанын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү тармактарда иш менен камсыз боло алышат

Аталган программаны аяктагандар Кыргызстанда жана дүйнөнүн англис тили колдонулган бардык өлкөлөрдөгү мамлекеттик жана жеке мекемелерде, билим берүү борборлорунда, орто жана жогорку окуу жайларында,  элчиликтерде, эл аралык уюмдарда, кыргыз жана англис тилин үйрөтүү борборлорунда, котормо бюролорунда, китепканаларда, басма сөз мекемелеринде, туристтик фирмаларда жумуш орундарын таба алышат.