2021-12-28


«ООЗЕКИ КОТОРМОДО ТИЛМЕЧТИК ТЕЗ ЖАЗУУ» АТТУУ ВЕБИНАР ѲТТҮ


     2021-жылдын 16-декабрында Синхрондук котормо бөлүмүндө «Оозеки котормодогу тез жазуу» аттуу вебинар болуп өттү. Россиянын Пермь улуттук илимий изилдөө жана политехникалык университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Котормочулук бѳлүмү биргелешип уюштурган бул иш-чараны и.д, проф. Экрем Арыкоглу ачты. Вебинарда билдирүү жасаган п.и.д., проф. Елена Аликина котормочулардын билиши зарыл болгон тилмечтик тез жазуу ыкмалары жѳнүндѳ кеңири маалымат берип, студенттерге кеп-кеңештерин айтты.  Вебинарда п.и.к. Нургүл Карыбекова Кыргызча-англисче котормо программасында  оозеки которуу сабактарында колдонулган тилмечтик тез жазуу ыкмалары, илимий булактар жана мнемоникалык жѳндѳмдү ѳстүрүү багытындагы көнүгүүлөр боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. П.и.д., проф. Елена Аликина студенттердин суроолоруна жооп берип, мындай биргелешкен иш-чараларды колдой тургандыгын айтып, көмөк көрсөткөндүгү үчүн Гуманитардык факультеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.