2022-03-15


СТУДЕНТТЕР ЧЫҢЫЗ АЙТМАТОВДУН ҮЙ-МУЗЕЙИН КѲРҮП КЕЛИШТИ


2022-жылдын 14-мартында Синхрондук котормо бѳлүмүнүн Кыргызча-англисче котормо программасынын 3-курсунун студенттери  куратору доцент Мамбаева С.К. менен бирдикте Чыңгыз Айтматовдун Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын аймагында жайгашкан үй-музейинде болушту.

Аталган музейде улуу жазуучунун чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүгүнө тиешелүү  экспонаттар коюлган. Улуу жазуучуга чыгарамалары жана элчилик кызматы үчүн ыйгарылган сыйлыктар Чынгыз Төрөкуловичтин мыкты  жазуучу гана болбостон, Республикабыздын саясий-коомдук турмушуна да активдүү катышып, эл аралык, коомдук жана дүйнөлүк масштабдагы ишмерлер менен тыгыз кызамтташтыка болгонун кабарлап турат. Музейдеги экпонаттар Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын толук чагылдырып турат. Студенттер  музейден  рахат алып, таасирленип кайтышты.