КЫРГЫЗЧА-ТҮРКЧӨ ПРОГРАММAСЫ

Максаты –  Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, экономикалык, маданий байланыштардын алкагында өткөрүлгөн ар түрдүү иш-чараларда, долбоорлордо кыргызча-түркчө жазуу жана оозеки түрдө котормо ишин жүргүзө алган, тил жана котормо жаатында базалык билими бар жана котормочулук кесип талап кылган көндүмдөргө ээ болгон  котормочуларды даярдап чыгаруу. Ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде уюшулган курултай, симпозиум, семинар, конгресс ж.б. расмий жыйын, жолугушууларда кыргызча-түркчө, түркчө-кыргызча котормо кызматын сунуштай ала турган синхрон котормочуларды даярдоо – Синхрондук котормо бөлүмүнүн негизги максаттарынын бири.

Кыргызча-түркчө программасында төрт жылдык мөөнөттөгү бакалавр программасынын алкагында биринчи эки жылда кыргыз жана түрк тили боюнча теориялык жана практикалык сабактарга, 3-4-курстарда түздөн-түз котормочулук адистигине багытталган практикалык сабактарга басым жасалат.  

Түрк жана кыргыз тилинде берилген сабактар студенттердин сөз байлыгын өстүрүү менен катар ошол тилдерде илимий изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү да максат кылат.

Котормо сабактарында оозеки жана жазуу котормого басым жасоо менен бирге, синхрондук которуу боюнча практикалык сабактар өткөрүлүп, оозеки жана синхрон которуунун ар түрдүү ыкмалары үйрөтүлөт. Котормо сабактарында, негизинен, студентердин семантикалык жана коммуникативдик методдордун негизинде которуу көндүмдөрү калыптандырылат жана  котормого сынчыл анализ жүргүзүү аркылуу сапаттуу котормо жасоого көнүктүрүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Программанын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү тармактарда иш менен камсыз боло алышат

Аталган программаны аяктагандар Кыргызстан, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү мамлекеттик жана жеке мекемелерде, билим берүү борборлорунда, орто жана жогорку окуу жайларында,  элчиликтерде, эл аралык уюмдарда, түрк жана кыргыз тилин үйрөтүү борборлорунда, котормо бюролорунда, китепканаларда, басма сөз мекемелеринде, туристтик фирмаларда жумуш орундарын таба алышат.