2026-04-20
Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче программасы тарабынан «Театрга саякат – 4» аттуу иш-чара 2026-жылдын 15-апрелинде уюштурулду. Программанын алкагында 1–3-курстун студенттери «Манас» эпосунан жана ар түрдүү доорлорго таандык кыргыз жана англис тилиндеги классикалык чыгармалардан алынган үзүндүлөрдү сахналаштырып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш-чаранын өзөгүн маданияттар аралык баарлашуу, технологиялардын орду, тил жана адабият, искусство жана маданий баалуулуктар түздү.
Адабий кеченин коноктору катары Гуманитардык факультеттин деканынын орун басары, доц. м.а., ф.и.к. Лейла Бабатүрк, Синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы, проф., ф.и.к. Аида Касиева, Кыргызча-түркчө жана Орусча-түркчө программаларынын окутуучулары, студенттери жана башка коноктор катышышты.


.jpeg)
.jpeg)