2026-04-20
2026-жылдын 17-апрелинде Синхрондук котормо бөлүмү тарабынан «Келечектин котормочусу: чакырыктар, технология жана жоопкерчилик» аттуу университеттер аралык студенттик форум өткөрүлдү. Форумга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетине караштуу түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттери жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө, Орусча-түркчө жана Англисче-кыргызча программаларынын студенттери катышты.
Форумда студенттер «Котормочулук кесиптин келечеги кандай болот?», «Келечек, учур бизди эмнеге үндөйт, эмнеге чакырат?», «Биздин багытыбыз кандай болуш керек?», «Келечекке кантип даярданышыбыз керек?» деген суроолордун тегерегинде ой бөлүшүп, пикир алышты.
Иш-чара студенттердин өз кесиби боюнча прагматикалык ой жүгүртө билүү, коомчулук менен эркин пикир алышуу, диалог түзө билүү сыяктуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталды.



