2026-04-30
Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүндө 2026-жылдын 29-апрелинде котормо технологиялары жана параллелдик корпустарды түзүү ыкмаларына арналган семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө PhD. Дөөлөтбек Эшкенов тарабынан параллелдик тексттер менен иштөө процесстери кеңири талкууланып, AntPConc программасынын колдонулушу деталдуу түрдө тааныштырылды. Мындан тышкары, тексттерди тегиздөө (alignment) процессинде LF Aligner куралынын мүмкүнчүлүктөрү практикалык мисалдар менен көрсөтүлүп, катышуучуларга тексттер менен натыйжалуу иштөө үчүн Microsoft Word жана Microsoft Excel программалары боюнча практикалык кеңештер берилди.
Иш-чаранын алкагында ресурсу чектелген түрк тилдери үчүн параллелдик корпус түзүүнүн мааниси баса белгиленип, мындай иштердин машина котормосу жана тил технологиялары тармагына кошкон салымы каралды. Катышуучулар теориялык маалыматтар менен катар практикалык ыкмаларды түздөн-түз тажрыйбадан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө күбө болушту.
Семинар суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталды.


.jpeg)
