Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргызстан, Түркия жана башка түрк республикалары  жана түрк коомдорунун  университет курагындагы жаштарынын  башын кошуу,  заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык  жаш муундарга билим берүү жана 21-кылымдын  цивилизациясында лидер боло турган кадрларды даярдоо  максатында курулган эл аралык университет болуп эсептелет. Ушул эле максатта университетибиздин Гуманитардык факультетинин карамагында 1997-жылдан тартып Түркология бөлүмү ачылган. 
Бул бөлүмдүн максаты кыргыз, түрк тилдеринин жана адабиятынын дүйнө  элдеринин тилдери жана адабияттары арасындагы ордун аныктоо, ошондой эле булардын өзгөчөлүктөрүн, өнүгүү процессин  иликтөө жана  буга чейин жазылып-чийилген эмгектерди баалоо багытында илимий изилдөө жана иликтөө иштерин  жүргүзө ала турган,  бул окуу жайынан алган билим жана тажрыйбасын   билим берүү жана коомдук  уюмдарда колдоно ала турган  кадрларды  даярдоо болуп эсептелет.  Биздин бөлүм Кыргыз Республикасындагы  жогорку окуу жайлардын «Кыргыз тили жана адабияты», Түркия Республикасындагы жогорку окуу жайлардын «Түрк тили жана адабияты»,  «Азыркы түрк тилдери»  бөлүмдөрүнөн  башкача түзүлүш жана өзгөчөлүккө ээ. Себеби, бөлүмүбүздүн бакалавр программасында кыргыз тили жана адабияты, түркиялык түрктөрдүн  тили жана адабияты, ошондой эле  башка түрк тилдери жана адабияттары, жалпы түркология боюнча сабактар өтүлөт. Бөлүмүбүздүн окутуучулук-профессордук курамы Кыргызстан жана Түркиянын  таанымал окумуштууларынан куралган. 
Кыргыз жана Түркия түрк тилинде  берилген  билимдин негизин Кыргыз тили жана адабияты, түркия түрк тили жана адабияты, түрк тилдеринин тарыхый доорлору,түрк тилдери жана адабияттары  түзөт. Мындан тышкары теориялык сабактарда үйрөнгөн нерселерин практика жүзүндө да бекемдөөсү үчүн  студенттер үчүн музейлерге, китепканаларга, кол жазмалар фондусуна ж.б.у.с.    жерлерге  экскурсиялар жасалып, алардын өз алдынча иштей билүүсү үчүн да шарттар түзүлгөн.
Булар менен кошо биздин бөлүмдө  бөлүмдүн окутуучулук-профессордук курамы жана студенттеринин көмөгү менен эл аралык симпозиум, конференция, семинар жана башка илимий жыйындар өткөрүлүп турат. Мисалга алсак,  2007 жылдын 12-14- апрелинде  « 1-жаш түркологдор симпозиуму»   өткөрүлүп, ага Кыргызстандын ар түрдүү аймактарынан Түркология багытында  билим алып жана өз изилдөөлөрүн жүргүзүп жаткан студенттер, магистранттар   жана аспиранттар катышкан эле. Ал эми 2007- жылы март айында   21-март  Нооруз  майрамы жана  бүткүл  дүйнөлүк поэзия күнүнө арналган ыр жазуу, ыр которуу жана көркөм окуу багыттарында өткөрүлгөн конкурс көпчүлүктүн купулуна толгон. 2008- жылы Кыргызстанда «Чыңгыз Айтматов жылы» жарыяланганына байланыштуу  бөлүмүбүз 22-24  апрелде  «Чыңгыз Айтматов  жумалыгын» жарыялап, бул жумалыктын алкагында «Жаш Түркологдордун экинчи эл аралык симпозиумун»  өткөргөн. Салтка айланган бул симпозиумдун сегизинчиси 2019-жылы өткөрүлдү.

Түркология багытындагы окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:

  • маалыматты туура колдоно алган, актуалдуу түркологиялык маселелерди талдай алган жана чечүү жолдорун сунуштай алган,
  • адамдар аралык мамиле курууну билген,
  • этикалык принциптерди сыйлаган,
  • жаңыланууга жана өсүп-өнүгүүгө даяр,
  • изилдөөлөрүндө компьютер, диктофон сыяктуу технологиялык каражаттарды колдоно ала турган адистерди даярдоо. 

Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү кандай  артыкчылыкка ээ болушат:
Түркология бөлүмүнүн Бакалавр программасын  аяктаган студенттер  тарыхый түрк  тилдери менен кошо  кыргыз, түркия түрк тилдерин жана азыркы түрк тилдеринен эки тилди үйрөнүшүп, орток түрк адабияты,кыргыз жана түрк адабияты менен  жакшы тааныш болуп чыгышат. Ошентип тил жана адабият багытында билим алган студенттерибиз  түркология  тармагында  мыкты адис болуп чыгышат.

Түркология бөлүмүнүн  бүтүрүүчүлөрү  төмөнкү кызматтарды аткара алышат:
•    Илимий изилдөөчүлүк;
•    Тарбиячылык  жана мугалимдик (Башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринде);
•    Журналисттик же редакторлук;
•    Котормочулук  ж.б.

Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү төмөндө саналган мекеме-уюмдарда иштей алышат:
•    Жалпы билим берүүчү мектептер, лицейлер,  кесиптик-техникалык окуу жайлары жана менчик мектептерде;
•     Маданий-агартуу  мекемелеринде ( китепканалар, архивдер, коомдук уюмдар жана фонддор);
•      Жалпыга маалымдоо каражаттарында (теле, радио каналдар, газета-журналдар жана бюллетендер баcмаканалар);
•    Ар түрдүү мекеме-уюмдарда ( менчик фирмалар, мамлекеттик мекемелерде Кыргызча-түркчө, түркчө-кыргызча котормочулук);
•    Түрк дүйнөсү боюнча иш алып барган уюмдарда ( адистик);
•     Коомдук уюмдарда, эл аралык коомдор жана фонддордун жергиликтүү филиалдарында ( эксперт, референт);
•     Мамлекеттик башкаруу мекемелеринде ( борбордук аппарат, министрликтер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар).

Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн өз билимдерин  жогорулатуу жолдору:
Бакалавр программасын аяктаган студенттердин өз билимдерин андан ары жогорулатууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Түркология, Кыргыз тили жана адабияты боюнча магистратура жана аспирантурада окууга толук шарттар түзүлгөн.

Билим алуу үчүн түзүлгөн шарттар:
Университетибиздин Түркология бөлүмүнүн студенттери окуп-үйрөнүү процессинде  кеңири колдоно ала турган,  жалпы тил илими, түрк тилдери жана адабияттары боюнча негизги жана кошумча эмгектер  менен жабдылган, мүмкүнчүлүктүн жетишинче улам  жаңы адабияттар менен толукталып турган  китепканасы бар.Ошондой эле интернет байланышы аркылуу дүйнөдөгү жана илим  дүйнөсүндөгү  акыркы жетишкендиктер менен  студенттердин таанышуусу үчүн  компьютердик лабараториялар ачылган. Алынган теориялык билимдин бекемделиши үчүн  ар түрдүү илимий-изилдөө экпедициялары, кол жазмалар фондусу жана архивдерде  иш алып барууга негизделген иш-чаралар да жүргүзүлүп келатат.
 

Проф.док.
Озан Йылмаз

Бөлүм башчысы

Сүйүктүү жаштар,

Түркология түрк элдеринин тилин, тарыхын, адабиятын, фольклорун, жашоо образын, кыскасы, алардын жашоого болгон көз карашын изилдеген илим тармагы болуп эсептелет. Бул багыт тил жана адабиятты изилдөө жагынан филология тармагы менен кесилишсе да, тарыхый мезгилдерде ар башка аймактарда өкүм сүргөн түрк дүйнөсүнүн орток мурасын изилдеген өзгөчө бир изилдөө тармагына ээ.

Билге каган тарабынан Орхон жазуулары аркылуу Өтүкендин түшүмдүү топурактарына себилген үрөөн Түркстан, Анатолия, Хорасан, Индия, Египет жана Балкан сыяктуу чоң географиялык аймактарда бүчүр алып, бутактанып,  тарыхтын ар кайсы мезгил жана ар кайсы жерлеринде жазылган эмгектердин натыйжасында чоң жана күчтүү чынар терекке  айланган.

Бул чынардын турпаты “Дивану лугат-ат-түрк”, “Кутадгу билиг”, “Диван-ы хикмет”, “Деде Коркут дастандары”, Юнус Эмренин диваны, Навоинин жыйнагы сыяктуу кылымдар өтсө да, саргарып соолубай турган жалбырактар менен көрктөндүрүлгөн.

Бүгүн Азиядан Африкага, Европадан Америкага чейинки кеңири аймакты камтыган түркологиялык изилдөөлөр бул илимге кызыккандарды түрк дүйнөсүнүн маанилүү борборлорунун бири Бишкекте күтүүдө.

Түркология тармагында заманбап жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү каалаган кымбаттуу студенттерибиз үчүн бөлүмүбүздүн эшиги дайыма ачык.

Бөлүмдүн катчысы

Жазгуль ЖАКАКОВА

Телефону: 00996 312 49 27 63

Кошумча: 965

Кабинет: İİBF-105