Тамак-аш технология лабораториясы инженердик факультеттин процесстердин негиздери сабактарынын теориялык бөлүгүндө алынган билимдерди практика жүзундө демонстрациялоочу лаборатория болуп саналат. Лабораториядагы тажрыйбалар суюктуктар механикасы, жылуулук алмашуу процесстери жана масса алмашуу процесстери болуп 3 багыттагы тажрыйбаларды камтыйт. Тамак-аш технология лабораториясы ARMFİELD жана EDİBON маркасындагы заманбап жабдыктар жана аппараттар менен жабдылган. Тамак-аш технология лабораториясы төмөнкү жабдуулар менен жабдылган: кондуктивдик жана “түтүк ичинде түтүк” түрүндөгү жылуулук алмаштыргычтар, газдарда жана суюктуктарда диффузия коэффициентерин аныктоо үчүн прибор, суюктуктардын касиеттерин изилдөөчү стенд, басымды жана статикалык басымдын таасирин өлчөөчү прибор, пастерлегич, туннелдик кургаткыч, фильтрлөө жана экстракциялоо процессин изилдөөчү стенддер, процесстерди башкаруу жана текшерүү боюнча стенд, каталитикалык реактор, ферментатор. 

    Тамак-аш технология лабораториясынын жабдыктары   

  • Armfield CEN-A Тегирмен
  • Armfield  CERa/CERb Газдарда диффузиякоэффиценттин өлчөө аппараты
  • Armfield CEU-5 Каталитикалык реактор
  • Armfield F 9092 Гидростатикалык стенд
  • Armfield FT 75 Пастеризатор
  • Armfield HT10XC/ HT11C Жылуулук өткөрүмдүүлүк стенди
  • Armfield HT30XC Түтүк түтүк ичинде жылуулук алмашуу аппараты
  • Armfield PCT 40 Процесс контроль ситемасы
  • Armfield UOP-4 Суюк/Катуу экстрактор аппараты
  • Armfield UOP-8 Кургатуучу аппарат
  • Armfield UOP-12 Пластинкалуу фильтр аппараты