Кыскача

Табигый илимдер факультети 2008-жылы ачылган. Факультет “Колдонмо математика жана информатика”, “Математика”, “Биология” бөлүмдөрүнөн турат. Биология жана математика бөлүмдөрү 3 баскычтуу билим берүүдө. 2023-2024-окуу жылында факультетте толук ставкада 19, жарым ставкада 8, саат башына акы төлөнүүчү 9 окутуучу 336 студентке билим беришет. Андан тышкары, факультеттин окутуучулары университеттин башка факультеттерине биология, математика, статистика жана физика сабактарын окутушат.

Факультетке студенттер Манас университети тарабынан өткөрүлгөн Манас cтудент тандоо жана жайгаштыруу борборунун “Түркиянын студенттерди жайгаштыруу сынагы” жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

Биология бөлүмүнө тиешелүү заманбап илимий жабдыктар менен жабдылган гистология/морфология, биохимия, биотехнология лабораторияларында студенттер тажрыйбалык иштерди, ал эми окутуучулар илимий изилдөөлөрүн жүргүзө алышат. Бул бөлүмдө университетибиздин башка факультеттери жана эл аралык университеттер менен орток долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүлгөн.  Биология бөлүмүндө толук ставкада 3 профессор, 2 доцент, 1 доценттин милдетин аткаруучу, 1 адис жана 1 илимий кызматкер эмгектенүүдө.

Факультетте заманбап илимий жабдыктар менен жабдылган физика лабораториясы курулган. Математика бөлүмүндө толук ставкада 1 профессор, 2 доцент, 1 доценттин милдетин аткаруучу, 1 адис эмгектенет.

Колдонмо математика жана информатика бөлүмүндө толук ставкада 3 профессор, 1 доцент, 1 доценттин милдетин аткаруучу жана  1 адис жигердүү иштешүүдө. Колдонмо математика жана информатика, Mатематика бөлүмдөрүнө тиешелүү 20 орундуу компьютердик лаборатория иштеп жатат.