“Мамлекеттик тилдин үч айлыгы" концерти
2024-12-26 | Жаңылык
Бөлүмдүн максаты:
Биология багытында эл аралык деңгээлде билимге жана көндүмдөргө ээ, заманбап технологияларды колдоно билген, жогорку квалификациялуу, профессионалдык жактан компетенттүү биолог адистерин (бакалавр, магистр) даярдоо.
Фундаменталдык биологияга таянган экология, ген технологиясы, клетка жана ткандын биологиясы ж.б. багыттарда илим изилдөөлөрдү жүргүзүү менен илим чөйрөсүн жана коомчулукту кызыктырган маселелерди чечүүдө салым кошуу.
Бөлүмдүн маселелери
Доц.док.
Кадырбай ЧЕКИРОВ
Биология – бул табият жөнүндө илимдеринин системасы. Биологиянын өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер убакыттын өтүшү менен анын ар кандай багыттарынын жана дисциплиналарынын пайда болушуна алып келген. Азыркы дүйнөдө биологиянын ролу абдан чоң жана аны ашыкча баалоо кыйын. Азыркы учурда адамзат ден соолукту коргоо, азык-түлүк менен камсыздоо жана организмдердин ар түрдүүлүгүн жана планетабыздын экосистемасынын сакталышы менен байланышкан көптөгөн курч көйгөйлөргө туш болууда. Биология тармагындагы изилдөөлөр медицина, айыл чарба жана тамак-аш коопсуздугу, ветеринария, экология жана башка тармактар менен тыгыз байланышта болгон ар кандай маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Ошентип, биология илим катары өзүнүн мыйзамдарына ылайык жаратылыш менен гармонияда адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун сунуштайт жана келечектин илими болуп саналат.