Биология бөлүмү табигый жаратылышка изилдөө жүргүзөт жана жашоо илимдери боюнча жогорку сапаттагы билим берүүнү жана практикалык окутууну камсыз кылат. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Биология бөлүмү бакалавриат (BSc) жана магистратура менен докторантура (MSc & PhD) программаларын сунуштайт. Ар кандай курстар тереңдетилген деңгээлде сунушталат жана зоология, ботаника, цитология, гистология, анатомия, адам жана жаныбарлар физиологиясы, жогорку нерв физиологиясы, генетика жана гендик инженерия, биохимия, молекулярдык биология жана биотехнология, иммунология, эндокринология жана айлана-чөйрөнү коргоонун кеңири тармактарын камтыйт. Биздин белум биологиянын ар турдуу тармактары боюнча илим-изилдее иштерин жүргүзүү учун илимий аппаратура менен жабдылган. Бакалавриат (BSc) жана магистратура менен докторантура (MSc & PhD) деңгээлдеги окуу программаларынын максаты - жеке же командада иштөөгө даяр, жакшы окуган студенттерди, чыгармачыл изилдөөчүлөрдү даярдоо.