2022-04-26


Студенттерибиздин педагогикалык практикасы


2021-2022-окуу жылында Математика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринде, А. Осмонов атындагы № 68 мектеп-гимназиясы окуу комплекси, Молдокулова А. атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, «Маариф» билим берүү комплексинде жана ошондой эле жашаган жери боюнча облустун мектептеринде, педагогикалык практикадан өтүп жатышат.

Педагогикалык практиканын максаты - студенттин билим берүү жана мугалимдик кесипке болгон көз карашын туура калыптандыруу, окуу жана класстан тышкаркы иштерди жүргүзүүдө практикалык маанилүү көндүмдөрдү алуу жана өркүндөтүү, инсандын кесиптик сапаттарын жана психологиялык касиеттерин өнүктүрүү.

Педагогикалык практика мезгилинде окуучулар көп багыттуу тарбия иштерин, класстан тышкаркы иштерди, тестирлөө иштерин жүргүзүшөт, көрсөтмө куралдарды даярдашат. Практиканын жүрүшүндө окуу процессинин салттуу эмес формалары кеңири текшерилет. Педагогикалык практикада студенттердин илимий-изилдөө иштерине олуттуу орун берилген.

Педагогикалык практиканын аягында студент: окуу процессин пландоону; окуу процессинде заманбап педагогикалык жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну; сабактын предмети боюнча окуу материалын тандоону жана түзүүнү ишке ашырууну; окуу предмети боюнча тапшырмаларды, көнүгүүлөрдү, тесттерди түзүүнү; алдынкы педагогикалык тажрыйбаны талдоо жана жалпылоону; психологиялык-педагогикалык изилдөөнүн кээ бир ыкмаларын (байкоо, баарлашуу, суроо, тест, эксперимент ж.б.) колдонууну өздөштүрөт.