Ректор Жейлан “Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери” аттуу конференцияга катышты


  • 2023-11-05

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2023-жылдын 2-ноябрында борбор калаабыз Бишкекте жайгашкан Кыргыз Улуттук тарых музейинде өткөн эл аралык илимий-практикалык конференция кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон мамлекеттин көрүнүктүү ишмерлеринин репрессиянын курмандыгы болгондугунун 85 жылдыгына арналды. Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан чакырылып, учурашуу сөзүн сүйлөдү.

Жүрөк титиреткен тарыхтын татаал картинасы

Иш-чара мамлекеттик гимн менен башталды. Андан соң үч тарыхый доордо элибиздин жаркын келечеги үчүн жанын аябаган, ысымдары тарыхта түбөлүк калган чыгаан уулдарынын сөөгү коюлган жер - “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси тууралуу “Ата-Бейит” даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Көрүүчүлөрдүн жүрөгүн титиретип, тарыхтын татаал картинасын чагылдырган тасмадан соң “Ата-Бейиттеги” 137 куугунтук курмандыктарынын бейнеси көрсөтүлүп, бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан учурашуу сөзүндө буларга токтолду: “Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн университетибиздеги кампуста түрк дүйнөсүнүн маданий баалуулуктарын сактоодо жоопкерчилигибиз бар.” “Ата-Бейитте” 137 адамды жерге бердик,”-деген ректор Жейлан бул трагедиялуу окуянын кайгысын чын жүрөктөн сезгендиктерин билдирди. Ошол эле учурда жыл сайын окуу жайыбыздын миңдеген кыргыз, казак, түрк, түркмөн, өзбек, азербайжан жаштарына билим берип, аларды интелегенциянын өкүлү кылууга аракет кылып жатканын кошумчалады. 137 адамды жерге берүүнүн азабын тартып жатканда жүздөгөн, миндеген, ал тургай миллиондогон түрк жаштары катары жаңы жашоонун пайдубалын түптөөнү уланта тургандарын белгиледи.

Кыргыз элинин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардын бири болгон репрессия учурунда курман болгон ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арналган иш-чарада Кыргызстан, Казакстан, Польша, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн окумуштуулар бул окуяга байланыштуу изилдөөлөр, жаңы жагдайлар боюнча доклад жасашты.

Иш-чара “Ата-Бейит” улуттук тарыхый- мемориалдык комплексин зыярат кылуу менен жыйынтыкталды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzKogKRImok/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Video: https://youtu.be/R8XHbKIndNQ

    Социалдык медиада бөлүшүү