“Манас” университети бейтап студентине шыпаа болду


  • 2024-06-08

Түркиянын алдыңкы ортопеддеринин бири, Ататүрк университетинин медицина факультетинин ортопедия жана травматология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Өмер Селим Йылдырым Түрк дүйнөсүнүн IV Ортопедия жана травматология конгрессине Бишкекке келип, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Мадина Айжигитовага шыпаа болду.

Кыйынчылыкка даба издеп

6 ай мурун велосипед тээп жүрүп кулап бутун сындырып алган Мадина Айжигитова дарыланууга барган ооруканада туура эмес дарыланган. Дарыгерлер майып болуп калышы мүмкүн дегенден кийин Айжигитованын үй-бүлөсү бул кырдаалдан чыгуунун жолун издей баштаган. Кызы окуп жаткан “Манас” университетинин ректоратына кайрылып, жардам сураган Мадинанын апасы Сауле Нуримбетова менен ректор, профессор Алпаслан Жейлан жеке өзү көңүл бурган. Мадина менен апасын Түркиянын алдыңкы илимпоздорунун жана дарыгерлеринин бири, профессор Өмер Селим Йылдырым менен тааныштырган профессор Жейлан Мадинанын профессор Йылдырым тарабынан дарылануусуна себепкер болгон.

Айыктыруу процесси

Өмер Селим Йылдырым текшерүүдөн кийин Мадинанын бутуна кайрадан көрүнүшү зарылдыгын, керектүү шарттар түзүлсө операцияны Бишкекте жасай турганын билдирди. Мындан соң ректор Жейлан Мадинанын оң томугунан пластинканын алынышын талап кылган операциянын Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасында жасалышын камсыз кылды жана операция ийгиликтүү аяктады.

Достук ооруканасынын күчү

Операция алдында университеттин “Манас” телеканалынын кабарчысына интервью берген Достук мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери, кардиолог Самет Йылмаз Достук ооруканасынын физикалык жана технологиялык жактан Кыргызстандагы эң жакшы шарттарга ээ оорукана экенин билдирди жана профессор Өмер Селим Йылдырымдай баалуу дарыгердин ооруканасында операция жасап жатканына кубанычта экендиктерин билдирип, буга себепкер болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

Сыймык булагы: “Манас” университети жана Достук ооруканасы

Профессор Өмер Селим Йылдырым конгресс үчүн Бишкекке келген жана анын жакын досу ректор, профессор Алпаслан Жейландын аркасы менен кайрымдуу ишке салым кошконуна кубанычта экенин, “Манас” университети жана Достук ооруканасынын өнүгүү деңгээлинен абдан таасирленгенин, достуктун, бир туугандыктын белгиси болгон бул эки мекеменин Ата Мекен үчүн Кыргызстанда түптөлүшү сыймык булагы экенин баса белгиледи.

Манастык болуунун ачкан жолу

Мадинанын апасы Сауле Нуримбетова аларды терең кайгыга салган бул процесс ректор Алпаслан Жейландын жардамы менен бактылуу аяктаганын айтып, кызынын “Манас” университетинин студенти болгонунун аркасында ден соолугуна калыбына келгенин, ректор Жейланга,  Йылдырымга, Йылмазга жана дарылоо процессине салым кошкон ар бир адамга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргенин баса белгиледи.

Үмүтсүздүктү үмүткө айланткан “Манас”

Мадинанын атасы Манас Айжигитов да кызынын туура эмес дарылануусунан кийин аны Түркияда дарылатууну сунушташканын, бирок кайрылышкан  жеке менчик ооруканалардын 20 миң доллардан ашык төлөм талабын бере албай үмүтү үзүлгөнүн айтты. Бирок кийин кызы окуган “Манас” университетинен жардам сурайлы деген ой келип, ректоратка кайрылышканын кошумчалады. Ректор Алпаслан Жейлан аларга жакындан көңүл бурганын жана Түркияда ортопедия тармагындагы алдыңкы профессор Йылдырым менен тааныштырганын, Өмер Селим Йылдырым кызын операция кылууга макул болгондо бардыгы абдан толкунданышканын, Йылдырымдын бул операцияны акысыз жасай турганын билгенде абдан таң калып, кубангандарын айтты.

Манас үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуу сыймыгы

Манас Айжигитов Өмер Селим Йылдырымга ыраазы экендиктерин, аны эч качан унутпай тургандарын, аны үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары кабыл алышкандарын айтып, кызынын “Манас” университетинин студенти болушунун жардамы менен ден соолугу калыбына келгенин жана “Манас” университетинин бир мүчөсү болуу канчалык маанилүү экенине күбө болгондорун баса белгилеп, ректор Жейланга канчалык ыраазычылык билдиришсе дагы аз экендигин айтты.

Достук ооруканасынын заманбап шарттары жана дарыгерлердин көңүл бурушу аларды абдан таасирленткенин айткан Айжигитов мындан ары бардык тааныштарына текшерүү жана дарылануу үчүн Достук ооруканасын тандоону сунуш кыларын баса белгиледи.

Ден соолукту калыбына келтирүүнүн кубанычы

Мадина ушул убакка чейин бар экенин билбеген мындай заманбап ооруканада университетинин жана ректордун жардамы менен дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна абдан кубанычта экенин, анын мурдагыдай дени сак күндөрүнө кайтууга мүмкүнчүлүк бере турган операцияны жасаган Өмер Селим Йылдырымды эч качан унутпай турганын, ага ыраазы экенин жана бул процессте ага жана анын үй-бүлөсүнө жакындан көңүл бургандардын баарына ыраазычылык билдиргенин айтты.

Биримдиктен жаралган күч

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын дүйнөгө таанымал ортопед профессору Өмер Селим Йылдырымдын канчалык абийирдүү дарыгер экенин жана улуулугун дагы бир жолу көрсөткөнүн, конгресс процессинде да Мадинага жардам берүү үчүн убактысын аябаганын, көрсөткөн достук мамилесине кубанычта экенин айтып, профессор Йылдырымга ыраазычылыгын билдирди.

Операцияны жасоо үчүн оорукананын бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялаган Достук ооруканасынын башкы дарыгери, кардиолог Самет Йылмазга, Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өзгөчө ыраазычылык билдирген ректор, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын мекемелеринин кызматташуусу Кыргызстанга жана түрк дүйнөсүнө ар тармакта чоң пайда алып келерин, биримдик күч жаратарын, түрк дүйнөсүн жана түрк биримдигин ар дайым колдогон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган баш болгон түрк дүйнөсүнүн бардык лидерлерине ыраазы экендиктерин баса белгиледи.

Башкы дарыгердин операциядан кийинки билдирүүсүндө операция абдан ийгиликтүү өткөнү, Мадинанын тез арада сакайып кетээри айтылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C78pb-YtHQZ/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C78pqz8tWIc/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C78pz6Btb2N/

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C78tcmqtJis

    Социалдык медиада бөлүшүү