Илимий лагердин студенттери “Манас” университетинде


  • 2024-09-06

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биргелешүүсүндө иш алып барган түрк дүйнөсүнүн ыктыярдуу социалдык-маданий долбоорлорунун бири болгон “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун 14 жумалык онлайн окутуу процесси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Долбоордун эң маанилүү этаптарынын бири болгон илимий лагерь 2024-жылдын 2-6-сентябрь күндөрү “Манас” университетинин чамгарагында өткөрүлдү.

Түркиянын ар кайсы шаарларынан жана университеттеринен келген ийгиликтүү студенттер лагердин жүрүшүндө өз тармагындагы тажрыйбалуу жана кадыр-барктуу окутуучулардын түрдүү семинарларына жана курстарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Илимий лагерь “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаздын “Түрк цивилизациясынын курулушунда тил жана адабияттын ролу” аттуу семинары менен башталды.  Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү жана Теология факультетинин окутуучусу, профессор Режаи Догандын “Түрк дүйнөсү суфизми” темасындагы семинары менен уланды.

Лагердин акыркы күнүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы катчысы, профессор Октай Өзгүл илимий лагердин студенттери менен жолугушту.

Окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында өткөн жолугушууда профессор Өзгүл студенттерди “Манас” университетинде кабыл алганына кубанычта экенин билдирип: “Бул Жусуп Баласагын туулган, “Кут алчу билим” дастаны жана “Манас” эпосу жазылган жер. Бул топурак түрк тарыхы үчүн чоң мааниге ээ”, - деди. Профессор Өзгүл өз сөзүндө түрк дүйнөсүнүн маанисин түшүнө турган интеллектуал жаштарды өстүрүүдө “Манас” университетинин жана “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун ролун айтып, илимий лагердин студенттерине кеңештерин берип, “Университеттен да артык” урааны менен түрк дүйнөсүнүн келечегине багытталган миссияга жана концепцияга ээ университет экенин баса белгилеп, түрк дүйнөсүнүн аң-сезимдүү жана квалификациялуу студенттерине колдоо көрсөткөнгө ар дайым кубанычта экенин белгиледи.

Илимий лагердин студенттеринин “Манас” университетине берген баасы

Илимий лагерге катышкан студенттер “Манас” университетинин меймандостугуна канааттангандыктарын билдиришти. Университеттин материалдык-техникалык базасы бир топ өнүккөндүгүн айткан студенттер бул жерде болгонуна сыймыктанып, мындай долбоорго катышуу алар үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгилешти.

Кыргызстанда уюштурулган маданий саякаттар да студенттерде чоң толкунданууну жаратты. Ата-бабалардын мекенинде болуу, түрк дүйнөсүнүн тарыхын, маданиятын жеринде көрүү алар үчүн унутулгус тажрыйба болгонун билдиришти.

Катышуучулар түрк дүйнөсүнүн орток мурасы болгон тил, адабият, тарых жана маданият сыяктуу тармактарда билим алып, когнитивдик жөндөмдөрүн да жакшыртып, ошол эле учурда маданий иш-чаралар менен жагымдуу көз ирмемдерди өткөрүштү.

Мындан тышкары, илимий лагердин студенттеринин бири Айдын Аднан Мендерес университетинин магистранты Эмине Фида Рүзгар “Көз карандысыз жети түрк мамлекетинде келиндердин баш кийими” темасында сүрөт көргөзмөсүн искусство сүйүүчүлөрүнө тартуулады. КТМУнун Экономика жана башкаруу факультетинин фойесинде орун алган көргөзмөдө өтмүштөн бүгүнкү күнгө чейин салттуу түрк мотивдери менен саймаланган эмгектер жогору бааланды.

“Манас” университетинин чамгарагында уюштурулган бул иш-чара түрк дүйнөсүндөгү маданий биримдикти жана орток баалуулуктарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланды. Катышуучулар түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарына багытталган билим жана тажрыйбалар менен өлкөлөрүнө кайтышты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C_k45k0NgHj/?igsh=bXU4b3Z5c2JlaGV

    Социалдык медиада бөлүшүү