“Мүмкүнчүлүгү чектелген” түшүнүгүнүн аныктамасы

 “Мүмкүнчүлүгү чектелген” деген түшүнүк “майып” сөзүнүн ордуна колдонулса да, ал сөз ар башка маанини туюндурат.

“Майып” түшүнүгү “майыптуулукка” өзгөчө маани берген, башкача айтканда майыптуулук көрүнүшүн затташтырган түшүнүк катары көз алдыбызга тартылат. Ал эми “мүмкүнчүлүгү чектелгендик” дароо болбосо да, убакыттын өтүшү менен бул кемчиликтен арылуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган түшүнүк катары кабылданат.

Тубаса же төрөлгөндөн кийин кандайдыр бир себептен улам физикалык, психикалык, сенсордук жана социалдык жөндөмдөрүн ар кандай даражада жоготконуна байланыштуу коомдук жашоого көнүүдө жана күнүмдүк керектөөлөрүн канааттандырууда кыйынчылыктарга дуушар болгон; коргоого, колдоого, карап багууга, реабилитациялык жана консультациялык тейлөөлөргө муктаж болгон адамдар “мүмкүнчүлүгү чектелген” деп мүнөздөлөт.

Өнүккөн өлкөлөрдүн негизги көйгөйлөрүнүн бири – адамды тарбиялоо. Адамды тарбиялоодо билим берүү системасынын, окуу жайларынын түзүлүшү жана иш алып барышы алдыңкы планга чыгат. Заманбап билим берүү төмөнкүдөй максаттарды көздөйт:

  1. Студенттердин кызыкчылыктарын, жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аларды өлкөбүздүн илим саясатына, коомдун жогорку сапаттагы жана ар кандай деңгээлдеги жумушчу күчүнө болгон муктаждыктарына ылайык даярдоо;
  2. Ар кандай деңгээлде илимий негизде билим берүү;
  3. Өлкөлөрүбүздү кызыктырган бардык илимий, техникалык жана маданий көйгөйлөрдү чечүү үчүн илимдерди өнүктүрө турган изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  4. Өлкөлөрүбүздүн ар кыл багытта өнүгүүсүнө байланыштуу бардык маселелер боюнча Өкмөт жана мекемелер менен кызматташуу аркылуу таалим-тарбия жана изилдөө иштерин жүргүзүп, алардын жыйынтыктарын коомдун пайдалануусуна берүү жана Өкмөт тарабынан талап кылынган изилдөө иштерин аяктап, тийиштүү ой-пикирлерди билдирүү;
  5. Изилдөө иштеринин жыйынтыктарын көрсөткөн, илимдин жана техниканын өнүгүүсүн камсыз кылган ар кандай публикацияларды чыгаруу;
  6. Коомдун жалпы деңгээлин жогорулаткан жана элди агарткан илимий маалыматтарды оозеки жана жазуу түрүндө коомго таратуу, формалдык эмес билим берүү кызматтарын камсыз кылуу.

Бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн студенттерди:

(1) Өлкөсү менен элинин улуттук, адеп-ахлактык, гумандык, руханий жана маданий баалуулуктарын сактай билген;

(2) Коомдун кызыкчылыгын өзүнүн  кызыкчылыгынан жогору койгон, үй-бүлөсүн, өлкөсүн жана улутун сүйгөн;

(3) Мамлекеттин алдындагы милдеттерин жана жоопкерчиликтерин билген жана аткарган; (4) Эркин жана илимий ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ, адам укуктарын коргогон;

(5) Физикалык, акыл-эстик, руханий, адеп-ахлактык жана эмоционалдык жактан бирдей өнүккөн;

(6) Өлкөнүн өнүгүшүнө жана керектөөлөрүнө жооп берген, ошол эле учурда бакубат жашоосун камсыз кыла турган кесиптик көндүмдөргө ээ жана ой өрүшү кең адистерди даярдоо маанилүү болуп саналат.

1982-жылы кабыл алынган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бүткүл дүйнөлүк иш-аракеттердин программасы БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментине караштуу социалдык саясат жана өнүгүү бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылып, БУУнун системасынын ичинде орун алган мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата даярдалган негизги программа болуп саналат. Аталган программанын мазмуну жана максаттары “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бүткүл дүйнөлүк иш-аракеттердин программасы” жана “Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча типтүү эрежелер” документтерине негизденет. Бул программанын максаттары төмөнкүдөй:

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдун турмушуна жана өнүгүү процессине толук кандуу жана активдүү түрдө катышуусуна көмөк көрсөтүү;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын, кадыр-барк, ар-намысын коргоого багытталган иш-чараларды күчөтүү;
  • Билим алуу, иш менен камсыз болуу, маалымат алуу, товар жана кызматтарды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

УНИВЕРСАЛДУУ ДИЗАЙН

Кандайдыр бир нерсе же жабдык аныкталган муктаждыктарга жараша ойлоп чыгарылат. Эгерде бул нерсе же жабдык бардык кишилердин муктаждыктарына жооп берсе, бул дизайнды универсалдуу дизайн деп аташат. Универсалдуу дизайн бардык кишилер тарабынан колдонулган товардын, имараттын жана айлана-чөйрөнүн дизайны болуп саналат. Бул дизайн кандайдыр бир басмырлоого жол берилбей, мүмкүн болушунча коомдун көпчүлүгү тарабынан колдонулушуна маани берет. “Универсалдуу дизайн” түшүнүгү негизинен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ойлоп чыгарылган дизайнды түшүндүрөт. Бирок билим берүү программаларына жана окутуу процессине байланыштуу иш-чараларды камтый тургандай чөйрөсү кеңейтилген эмес. Окутуу процессинде өзгөчө муктаждыгы бар же/ жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар окутуу ыкмаларынын өзгөртүлүшүнө/ ар түрдүүлүгүнө, ошондой эле жалпы колдонулган окуу куралдарынын ылайыкташтырылышына муктаж болушат. Билим берүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө көрүлө турган чаралардын алкагында окутууну жүзөгө ашыруу үчүн окуу чөйрөсүнүн жана колдонулган окуу куралдарынын ылайыкташтырылышы, окутуу иш-чараларынын жеңилдетилиши керек.

УНИВЕРСАЛДЫК ДИЗАЙНДЫН ПРИНЦИПТЕРИ

  1. Колдонуудагы теңчилик: ар кандай өзгөчөлүктөргө жана жөндөмдөргө ээ болгон бардык колдонуучулар үчүн тең колдонуу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек.
  2. Колдонуудагы ийкемдүүлүк: Дизайн жеке каалоолорго жана жөндөмдөргө (мис., оң/сол колду колдонуу) жараша бир нече варианттарды камтышы зарыл жана бул варианттар колдонуучулар үчүн ыңгайлуу болушу керек.
  3. Жөнөкөй жана интуитивдик түшүнүктүү дизайн: дизайн колдонуучунун тажрыйбасына, билимине, тил көндүмүнө жана кунт коюусуна карабастан, колдонууга оңой жана түшүнүктүү, кең чөйрөгө ылайык болушу керек.
  4. Оңой кабылданган маалымат: маалымат айлана-чөйрөнүн шарттарына жана колдонуучунун аңдап билүү жөндөмүнө карабастан визуалдык (көрүү), тактилдик (тийүү), вербалдык (оозеки), графика ж.б. түрдө берилиши керек.
  5. Катага жол берүүчүлүк: дизайн коркунуч туудура турган нерселерди эске алып, терс көрүнүштөрдү минимумга чейин азайтышы керек.
  6. Күч аз жумшалган аракет: дизайндык буюмдарга мүмкүн болушунча азыраак күч жумшалып, натыйжалуу жана ыңгайлуу түрдө колдонулушу керек.
  7. Жеткиликтүү жана колдонуу үчүн өлчөм жана мейкиндик: Колдонуучунун дене түзүлүшүнө, турган-турпатына жана кыймыл-аракеттерине ылайык керектүү өлчөмгө жана мейкиндикке ээ чөйрө камсыздалышы керек.

ОКУУ ПРОЦЕССИНДЕ УНИВЕРСАЛДЫК ДИЗАЙН:

  • Студенттерге маалымат алуу жана үйрөнүү үчүн ар түрдүү варианттарды сунуштоо;
  • Студенттерге билген нерселерин көрсөтүү үчүн ар түрдүү варианттарды сунуштоо;
  • Студенттердин кызыккан нерселерин эске алып, алардын өзүн-өзү тааныштыруусун камсыз кылууну жана аларды үйрөнүүгө шыктандырууну камсыздайт. Бул өңүттө окуу процессинде универсалдык дизайндын принциптерин жүзөгө ашырууда төмөнкү нерселерди эске алуу керек:  
  • Окутуу ыкмаларын түрлөнтүү;
  • Студенттердин керектөөлөрүнө жараша окуу куралдарын түрлөнтүү;
  • Окуу чөйрөсүндө зарыл ылайыкташтырууларды/ түзөтүүлөрдү киргизүү;
  • Байланыш түзүү боюнча варианттарды түрлөнтүү;
  • Технологияга багытталган окутууга маани берүү;
  • Айтып берүү ыкмаларын түрлөнтүү;
  • Суроо берүү ыкмаларын түрлөнтүү;
  • Практика жүзүндө ишке ашыруу ыкмаларын түрлөнтүү;
  • Байкоо жана баалоо ыкмаларын түрлөнтүү;
  • Өзүбүздүн жана студенттердин маалымат алуу ыкмаларын түрлөнтүү;
  • Өз ара кызматташуу жана биргелешип иштөө;
  • Студенттердин өзгөчөлүктөрүнө жана керектөөлөрүнө ылайык максаттарды аныктоо;
  • Студенттердин өзүн-өзү таануусу үчүн аларга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү;
  • Маселе чечүү жана стратегияны иштеп чыгуу жөндөмдөрүн колдоо;
  • Студенттердин өзүн-өзү баалоо жана көрсөтүү жөндөмдөрүн колдоо.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар майыптуулуктун түрүнө жана даражасына ылайык ар түрдүү өзгөчөлүктөргө жана муктаждыктарга ээ. Адабий тилде жана мыйзамдык ченемдик актыларда мүмкүнчүлүгү чектелгендер төмөнкүдөй классификацияланышат:

Акыл-эс жагынан кемтиги бар;

Дүлөйлөр;

Азиздер;

Физикалык жактан кемтиги бар;

Аутизм менен жабыркагандар;

Дудуктар;

Окуп-үйрөнүүгө жөндөмсүздөр;

Өнөкөт оорулар менен ооругандар;

Көңүл буруусунда кемчилиги бар жана гиперактивдүү.

Майыптуулук жеңил, орто, оор жана абдан оор формада болушу мүмкүн. Мисалы, акыл-эс жагынан кемтиги жеңил формадагы адамдар, акыл-эс жагынан кемтиги орто формадагы адамдар.

МАЙЫПТУУЛУКТУН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ТҮРЛӨРҮ

Майыптуулуктун себептерин аныктоодо алардын маанилүү бөлүгүнөн арыла тургандай же алдын алгандай жагдайлары бар экенин байкасак болот. Жалпысынан айтканда, майыптуулук келип чыгуу булактарына жана себептерине жараша ар кандай классификацияланат.

Келип чыгуу булактарына жараша классификациялаганда, тубаса майыптуулуктун пайда болушунда генетикалык себептер, жакын туугандар арасында никеге туруу, боюнда бар кезде жаракат алуу, ооруу, дары-дармек колдонуу, радиациялык нурдануу, ичимдик ичүү, баңги зат колдонуу, начар тамактануу сыяктуу себептер орун алган. Бул себептерден арылууга, алардын алдын алууга болот.

Медициналык изилдөө аркылуу генетикалык себептердин кеминде бир бөлүгүнүн алдын ала билсе болот. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийин пайда болгон майыптуулук жөнүндө айтканда, начар жана ыңгайсыз шарттарда кабыл алынган төрөттөр, алган жаракаттар, колдонулган туура эмес ыкмалар ж.б. ойго келет. Төрөттөн кийин кездешүүчү: жумуш ордунда, үйдө, жолдо, өнөр жайда болгон кырсыктар, согуш, террордук чабуул, жер титирөө ж.б.у.с. майыптуулуктун негизги себептери болуп саналат. Булардын көбүнүн алдын алууга болот.

Ар кандай себептерге байланыштуу мүнөздөлгөн майыптуулук жетиге бөлүнөт:

Азиздер;

Акыл-эс жагынан кемтиги барлар;

Физикалык жактан кемтиги барлар;

Дудуктар;

Дүлөйлөр;

Өнөкөт оорулар менен ооругандар;

Психикалык жана эмоционалдык жактан жабыркагандар.