ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖЕҢЕ БИЛГЕН УНИВЕРСИТЕТ

“Келечекке ишенимдүү караган университет” деген ураандын астында алдыга карай кадамдаган жолубузда негизги максатыбыз – бардык билим алуучуларга тең укуктуу жогорку билим берүү. Эл аралык эрежелердин алкагында билим берүүдө мүмкүнчүлүгү чектелгенине же дени сактыгына карабай,  бардык адамдарды бийик даражага жеткирүү биринчи планга коюлат. Улуттук жана эл аралык деңгээлде жөнгө салынган мыйзамдык негиздер бардык адамдардын тең укуктарга ээ болуусун жана кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемелер баарына бирдей мамиле кылуусун талап кылат. Окуу жайыбыз дагы бул жоопкерчиликти мойнуна алып, университетте билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин билим алуу укугун эң жогорку деңгээлде жүзөгө ашырууга аракет кылууда. Албетте, бул кызматтарды көрсөтүүдө сиздердин – жетекчилердин жана окутуучулардын да көмөктөрү абдан маанилүү.

Биринчи проректор э.и.к. Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна

(Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди колдоо бюросунун жооптуу жетекчиси)

БИЗ КИМБИЗ?”

“Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди колдоо бюросу” деген аталыш менен ачылган жана Биринчи проректор проф. Асылбек Кулмырзаев тарабынан жетектелген түзүмүбүз университетте тийиштүү тажрыйбага ээ жана атайын билим берүү тармагы боюнча адис болгон бардык академиялык жана административдик түзүмдөрдүн катышуусунда (колдоосунда) түзүлгөн адистер тобу менен иштей баштаган. Бюробуз университетте иштеген жана билим алган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын физикалык, окуу-тарбиялык, психологиялык жана социалдык керектөөлөрүн аныктоо жана мунун натыйжасында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, бул иш-чаралардын жыйынтыктарына илимий маалыматтар менен кошо баалоо жүргүзүп, отчет даярдап ректоратка тапшыруу үчүн түзүлгөн.

Байланыш

Кайахан Күчүк
Ректорат, 1-кабат
Бөлмө: 121
тел: 492788 кошумча номери:1164
Кайрылуу бланкы