КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ

КЕСИПТИК ОРТО ЖАНА ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ

Каттоо шарттары, акыркы каттоо жана каттоону жокко чыгаруу

 

10-берене - (1) Окуу бөлүмдөрүнө каттоо үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:

а) Экзамендердин жыйынтыгы боюнча университетке катталуу укугуна ээ болуу (ушул жобонун 9-беренесинде көрсөтүлгөн).

б) Бирдей деңгээлде расмий билим берүүчү башка жогорку окуу жайында катталбоо.

в) Университет тарабынан жарыяланган каттоо үчүн зарыл болгон документтерди толугу менен тапшыруу.

(2) ЖОЖго катталууга укугу бар талапкер акыркы каттоону жарыяланган мөөнөттө жеке өзү же нотариус аркылуу дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жүргүзө алат. Көрсөтүлгөн мөөнөттө катталбаган талапкер студент болуу укугунан ажырайт.

(3) Каттоо үчүн жасалма же бурмаланган документтерди пайдаланган, же экзамендерде алдамчылык жасагандыгы аныкталган абитуриенттин каттоо процесси жүргүзүлбөйт. Эгерде каттоо процесси жүргүзүлгөн болсо дагы, ал толугу менен жокко чыгарылат.

(4) Жогорку окуу жайынан чыгарылган студенттер Университетке кабыл алынбайт.