Теология факультети Дин таануу бөлүмү 2016-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрдү чыгарган. Дин таануу бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү төмөнкүдөй тармактарда иштей алышат:

  • Мектептерде же диний же маданий борборлордо диний дисциплиналарды, маданий же адеп сабагын окутуу;
  • Мамлекеттик уюмдарда, мисалы, Ички иштер министрлигинде же Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда иштөө; 
  • Көз карандысыз эксперт катары же комиссиянын курамында муниципалдык, диний жана коомдук уюмдарга кеңеш берүү же башка маданий мекемелерде иштөө;
  • Медиа уюмдарда иштөө.

Дин таануу бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү коомдогу маанилүү ролду аткарары талашсыз. Диний эксперт катары негизги иштери менен бирге алар изилдөөлөрдү жүргүзүп, өлкөнүн бардык аймагында диний турмушту өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Ошентип, биздин бүтүрүүчүлөр динге байланыштуу коомдогу эң орчундуу көйгөйлөрдү объективдүү жана негиздүү чечүүгө шыктандыра аларына терең ишенебиз.

КТМУ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

ДИНДЕРДИ ТААНУУ БӨЛҮМҮ БАКАЛАВР БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН САНЫ (2016-2021)

Жылы

Бүтүрүүчү саны

2015-2016

3

2016-2017

6

2017-2018

10

2018-2019

12

2019-2020

20

2020-2021

12

Бардыгы

63