ОКУУ ПРОГРАММАСЫ

«Дин таануу» багыты боюнча кабыл алынган студенттер дин тарыхы, диний педагогика, диний философия, диний социология сыяктуу бир катар дин таануу багыттарын окушат. Даярдоо курсунда студенттер кыргыз жана түрк тилдерин үйрөнүп, андан ары предметтерди окушат. Чет тили катары араб тили бүткүл окуу планында тереңдетип окулат. Факультетибиздин Дин таануу бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү төмөндөгү багыттар боюнча иштей алышат: мектепте мугалимдик кесип менен алектенип, дүйнөлүк диндерге байланыштуу сабактарды өтүшөт. Ал эми теология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү КР ШАМдын мечит, медресе сыяктуу мекемелеринде иштей алышат. Мындан тышкары, факультеттин бүтүрүүчүлөрү диний эксперттерге муктаж бардык уюмдарда кесиптик ишмердүүлүк жүргүзө алышат. Факультетибиз бир эле учурда эки адистик боюнча диплом алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле окуу учурунда ар бир студентке Түркияга стажировкага барып, өз кесиби боюнча кесиптик тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилет.

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Дин таануу кафедрасынын студенттери окуу мезгилинде мамлекеттик мекемелерде, диний жана коомдук уюмдарда практикалык окуудан өтүп, алган билимдерин колдонууга жана потенциалдуу иш берүүчүлөр менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Эл аралык кызматташтык программаларынын алкагында кафедранын студенттери чет өлкөлүк стажировкадан өтүшөт, стипендияларды жана гранттарды алуу боюнча сынактарга катышышат.

Кредиттерди топтоо

Бакалавр даражасын алуу үчүн студенттерге 158 кредит сааты окутулушу керек, анын ичинен тандоо курстары жок дегенде 30 кредит саатты түзөт. Бакалаврда окуу мөөнөтү 4-7 жыл ECTS системалары боюнча бакалавр даражасында тиешелүү кредиттер 240.