КАБЫЛ АЛУУ

Сынакка кимдер каттала алат?

КТМУнун студент кабыл алуу сынагына төмөндөгү шарттарга жооп берген абитуриенттер каттала алат:

Кыргыз Республикасынын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар;

Мектептин бүтүрүүчүлөрү (11 класс) жана атайын кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчү курсунда окуп жаткандар же бүтүрүүчүлөрү;

Жогорку окуу жайларында окуп жаткандар;

Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча (Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби жана Көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга талап кылынбайт) КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген босого баллдан жогору алган абитуриенттер (ЖРТ баллы 110-дон жогору алгандар).

Сынакка кимдер каттала албайт?

КТМУнун Студент кабыл алуу сынагына төмөнкү абитуриенттер каттала албайт:

  • Түркия Республикасынын жарандары;
  • КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылбаган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандар;
  • Терс иш-аракеттеринен улам жазаланып, КТМУдан чыгарылгандар;
  • КР Билим берүү мыйзамынын 7- беренесине ылайык университетти бүтүргөндөр.

Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер

Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына тапшырылышы керек:

  • Орто мектепти же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документ (аттестат жана диплом) жана анын көчүрмөсү;
  • Паспорт жана паспорттун көчүрмөсү;
  • Жалпы республикалык тесттин сертификаты жана анын көчүрмөсү (Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде жана Көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга талап кылынбайт, калган баардык бөлүмдөргө ЖРТдан 110 баллдан жогору алгандар гана каттала алат);
  • Акыркы үч ай ичинде түшкөн 2 даана фотосүрөт (3х4 өлчөмүндө);

Сынакка кантип катталасыз?

  • Абитуриенттер сынакка каттоо борборлорунун каттоо кызматкерлери тарабынан компьютер аркылуу катталат.
  • Сынакка катталуу үчүн көрсөтүлгөн даректердеги каттоо борборлоруна керектүү документтерди (3) өзүңүз алып барып катталасыз.
  • Каттоо кызматкерлери сиз жөнүндөгү маалыматтарды атайын электрондук программага толук жана туура киргизгенден кийин, компьютердик веб-камеранын жардамы менен сиздин сүрөтүңүздү тартып алат.
  • Андан соң, каттоо кызматкери Сынак баракчасын чыгарат жана аны тастыктагандан кийин сиздин колуңузга тапшырат.
  • Сынак учурунда жана бөлүм тандоо иш-аракеттери толук аяктаганга чейин сизге берилген Сынак баракчасын жоготпой сакташыңыз керек.
  • Каттоо учурунда каттоо кызматкерине берчү маалыматтарыңыздын тууралыгына жана тактыгына сиз өзүңүз гана жооптуусуз.
  • Андыктан, Сынак баракчасындагы маалыматтардын тууралыгын өтө кылдаттык менен текшерип чыгышыңыз зарыл.
  • Эгер катталуу учурунда абитуриенттин тапшырган документтеринде же берген маалыматтарында кемчиликтер же каталар болсо, анда ал абитуриент катталуу жана сынакка кирүү укугунан ажырайт.

Сынакка каттоо качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?

Сынакка каттоо Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Нарын шаарларында жүргүзүлөт.