2023-05-04

Аялзатына арналган "Кадыр түн" программасы


«Кадыр түн» программасы 17.04.2023-жылы КТМУнун Сатук Бугра Хан мечитинде теология факультетинин окутуучусу Миргүл Бекмурзаева, кенже илимий кызматкер Жазгүл Жолалиева, кенже илимий кызматкер Алтынай Курманбекова жана PhD докторанты Дилноза Рахматиллаеванын салымдары менен уюштурулду. Берекелүү Рамазан" Аялзатына арналган программа Кадыр түндүн Исламдагы орду жана мааниси тууралуу маалымат берилди. Андан соң теология факультетинин студенттери тарабынан гимндер ырдалып, оюн-зооктор уюштурулду. Программанын соңунда бардык мезгил бою «Куттуу Рамазан» программасына активдүү катышкан айымдарга дем берүүчү белектер тапшырылып, программа кызыгуу менен коштолду.