2023-12-11

Коом жана экономика жана үй-бүлөгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө Дин кызматкерлеринин сунуштары боюнча симпозиум


23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчилиги менен “Ала-Арча” президенттик комплексинде “Коом, экономика, үй-бүлө көйгөйлөрү жана дин кызматкерлеринин чечүү сунуштары” аттуу эл аралык симпозиум болуп өттү. Факультетибизден и.о. доц. док. Айтмамат Кариев  «Кыргыз жана ислам үй-бүлө укугунун айрым терминдерин талдоо» аттуу баяндамасы менен катышып, үй-бүлө укугуна байланыштуу коомдогу актуалдуу маселелердин бири болгон бойго жеткен курак, махр жана жашоо, укук жана милдеттер сыяктуу маселелерге токтолду.  Ошондой эле терминди туура эмес түшүнгөн учурда, диний, улуттук баалуулуктарга коркунуч жараткан жагдайларга богөт койуу мүмкүн экендигине  токтолду.